Европа апаатка карай бара жатат

Күн тартиби-23

Европа апаатка карай бара жатат

Чыгыш Блогу таркагандан кийин дүйнө жүзү бир уюлдуу абалга айланды. 1945-жылы Ялта макулдашуусу менен түзүлгөн дүйнө жүзү учурда орчундуу маселелерге такалып турат.

Словениянын 1990-жылдын 2-июлунда көз карандысыздыгын жарыялашы менен бирге Югославия жарандык согушу башталган жана Ялта тартиби үчүн маселенин башталгычы болгон.

Мунун жыйынтыгы өтө каргашалуу аяктады. Босния-Герцеговинада мусулмандарга карай тарыхтын эң чоң кыргыны жасалды. Бул кыргын Европанын көз алдында, ал эмес айрым кыргындар Европа армияларынын көзөмөлүндө аткарылды.

Нидерландия соту 2014-жылдын июль айында өз өлкөсүнүн армиясынын Сребреницада 10 миң чакты мусулман босниялыктын сербдер тарабынан өлтүрүлүшүнүн жооптуусу болгонуна да өкүм чыгарган болчу. Демократиянын адамдардын жашоосунун ыйыктыгынын негизи экенин айткан Европа, сербдердин кыргынынан кутулуу үчүн аларга баш калкалагысы келген 500 миңден ашуун босниялыкка чек арасын жаап салган. Австрия, Германия жана Италия Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу 7 күн 24 саат чек ара күзөтү жана үзгүлтүксүз коопсуздук тилкесин түзгөн болчу. Качып жер таба албаган босниялык карапайым тургундар, сербдер тарабынан өлтүрүлгөн эле.

НАТОнун Югославиядагы жарандык согушка кийлигишүүсү бираз да болсо үмүт берди. Бирок тилекке каршы АКШ ядролук куралдарга ээ экенин айтып 1991-жылы Иракты жана андан соң Ооганстанды да басып алуусу, дүйнө жүзүн террордук коркунучка түрттү.

Учурда болуп жаткан террордук окуялардын себеп-жыйынтык байланыштары эми жалгыз гана Ислам жана Чыгыш дүйнөсүндө эмес, Батышта да олуттуу мааниде талкууланып жатат. Себеп жана жыйынтык байланышы эмне болсо дагы, эч бир террордук топ же террористтик кыймылды күнөөсүз деп эсептөө мүмкүн эмес. Террордук кыймылдар жүздөгөн жылдардан бери бүткүл дүйнө жүзүндө чоң мүшкүл болуп келе жатат.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган жүздөгөн жылдардан бери батыштык шериктештерине көөшөрүп, террордун чек тааныбаганын түшүндүрүүгө аракет кылууда. Террор менен кызматташкандардын бир күнү ал балээни өз каалгасында табаарына көңүл буруп келе жатат.

ПКК жана анын Сириядагы уландысы болгон ПЙД-ЙПГ уюмдарынынын айынан Түркиянын он миңдеген жараны курман болду. Учурда түрк коопсуздук күчтөрүнүн ПКК жана анын уландыларына карай операцияларында табылган курал-жарак жана ракеталардын көбүнүн батыштык болушунун бир жообу болушу керек албетте.

Болжол менен жарым кылымдан бери Түркия өзү жалгыз террор менен күрөшүп келе жатат. Бул күрөшүүсүнө көптөгөн батыштык шериктеши тарабынан колдоо көрсөтүлгөн жок. Муну менен эле тим болбостон НАТОдо жана саясий-соода-сатык жагынан Түркия менен шериктеш болгон көптөгөн Европа өлкөсү учурда террористтерди өлкөсүндө багып жатат. Өткөн айларда түрк армиясынын ичиндеги Фетуллахчы террорист офицерлер Түркияда төңкөрүш аракетин кылып жүздөгөн адам курман болсо, миңдеген адам да жаракат алган. Ушунчалык көп адамды өлтүргөн бул террорист офицерлер, Германия менен катар бир канча европалык мамлекеттер тарабынан кызыл килемде тосулуп алынгандай болду.

Түрк мамлекети, Германияда кабыл алынган 4500 чакты террористтин жана кылмышкердин тапшырылышын бир канча жолу талап кылды. Немис өкмөтү менен мамлекети болсо буларды укмаксанга салды.

Түркияда бир ишкерди өлтүрүп бүткүл дүйнөгө билинген террорист Фехрие Эрдал 20 жылдан бери Бельгияда конок иретинде жашап келе жатат. Түркияда аскер, полиция, бала, аял жана карыларды өлтүргөн бардык террористтердин Чыгыш өлкөлөрүндө эмес Европада баш калкалай алгандарынын бир жообу болушу керек. Бирок бул карама-каршылыкка карабастан Батыш дүйнөсү өзгөчө Европа дайыма Чыгышты террорго колдоо көрсөткөнү менен күнөөлөп келет. Эң эле кызыктырган нерсе, батыштык шериктештер бул карама-каршылыктарды өз балдарына кантип түшүндүрүп беришет?

Террор канкор жүзүн Түркиянын шериктеши болгон Англияда өткөн күндөрдө көрсөттү. Андан мурда Швеция, Германия, Бельгия, Франция сыяктуу Европаны Европа кылган өлкөлөрдүн шаарларында терроризм ошол канкор жүзүн көрсөттү. Жүздөгөн күнөөсүз адамды өлтүрдү.

Буга чейин Чыгыштын шаарлары менен борбор шаарларында бомбалар жардырылып карапайым эл жабыр тартчу. Бирок учурда Батыш өлкөлөрүнүн борбор шаарларында да Чыгыштагыдай террордук кол салуулар болуп жатат.

Террор эми жалгыз бир борбордон же белгилүү аймактан чыгып дүйнө жүзүнө жайылган кылмыш эмес. Жергиликтүү жана аймактык болгондор менен катар, жеке кишилик террордук кол салууларга байланыштуу маалыматтарды окуй баштадык. Бул илдет барган сайын дүйнөгө жайыла турчудай.

Анткени дүйнөнүн күчтөрү, сот механизмин туура жүргүзүүнүн ордуна өз улуттук, саясий кызыкчылык жана коркууларын алдыңкы планда кармап турат. Бул аракеттер белгилүү адам коомчулуктарын жана мүчөлөрүн күч колдонууга багыттоодо. Терроризм дүйнө жүзүн жана адамдардын жашоосун барымтага алган ушул мезгилде, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр тилекке каршы көп сандаган террордук уюмдарга эшигин ачууда. Түрк, ирак, иран же сириялык миңдеген жаранды курман кылган же аларды өлтүрүүгө буйрук берген террористтер бул өлкөлөрдө баш калкалай алышат.

Ал эмес европалык шериктештерибиз терроризм темасында ушунчалык бейкапар мамиле кылышып, 15-июль төңкөрүш аракетинде жүздөгөн жаранды өлтүргөн түрк офицер жана генералдарга каалгаларын аягына чейин ачып жатышат.

Түркияда тузактарды куруп адамдардын жашоосуна терс таасирин тийгизген, көп сандаган адамдын өлүмүнө себепчи болгон судья жана прокурор кийимин кийген террористтерге дипломатиялык паспортторду берип, аларды тапшырып бербей жатышат. А бирок адилетсиздикке каршы жасалган ар бир иш сөзсүз коомдук тынчсызданууга алып келе турган социалогиялык чындык болуп саналат.

Тынч жашаган адамдардын жеке террордук кыймылдарга аралашуулары же ДЕАШка кошулуулары бир гана бөлүп-жаруу, четке кагуу менен түшүндүрүлө албайт. Адамдардын адилеттүүлүккө болгон муктаждыктарынын камсыздалбашы да күч колдонууга түрткү болот. Учурда тилекке каршы Европа Биримдигине мүчө көптөгөн өлкө, терс мамилелеринин айынан өз апааттарын даярдап жатышат.



Тектеш кабарлар