Сел жана жер көчкүлөрдүн айынан 30 миңден ашуун үй суу астында калды

Дайынсыз жоголгон 39 киши болсо изделип жатат

Сел жана жер көчкүлөрдүн айынан 30 миңден ашуун үй суу астында калды

Вьетнамда катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгырлар себепчи болгон сел жана жер көчкүлөрдөн каза болгондордун саны 54кө жетти.

Жооптуу кызматтагылар, дайынсыз жоголгон 39 кишинин болсо изделип жатканын белгилешти.

Вьетнамдын Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин билдирүүсүндө, сел жана жер көчкүлөрдүн себебинен 31 кишинин жаракат алганы, 30 миңден ашуун үйдүн суу астында калганы, жолдор жана жаныбарлардын зыян тартканы маалымдалды.

Өлкөнүн орто жана түндүк тилкелеринде таасирдүү болгон сел жана жер көчкүлөрдүн айынан айрым аймактарга жолдордун жабылып калышы издөө иштерин татаалдаштырды.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча жооптуу кызматкер Nguyen Thi Lien, Йен Бай аймагында жоголгон 16 кишини издөө иштерине 580 аскер жана полиция менен 2 миңден ашуун жарандын катышканын айтты.

Өлкөнүн түндүгүндө август айында болгон селдерден да 26 киши каза болгон болчу.

Вьетнамда жыл сайын катуу шамал жана селдерден жүздөгөн адам жабыркайт.



Тектеш кабарлар