Вирустун айынан дельфиндер кырылып калды

Дельфиндер жээкке чыгып калышты.

Вирустун айынан дельфиндер кырылып калды

Бразилияда вирустун айынан 170тен ашуун дельфин кырылып калды.

Бразилиялык илимпоздор, Рио-де-Жанейро аймагынын жээгинде 40 күндөн бери жээке чыгып калган 200гө жакын дельфиндин кырылып калышына «cetacean morbillivirus» аттуу вирустун себеп болгонун билдиришти.

Рио-де-Жанейро университетинин деңиз илимдери факультетинин билдирүүсүндө, бул вирустун ноябрь айынын аягынан бери Сепетиба булуңунда 170тен ашуун боз дельфиндин өлүмүнө себепчи болгону белгиленди.

Билдирүүдө вирустун деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн иммундук системаларына залакасын тийгизи мүмкүн экени маалымдалды.

Бул Булуң Рио-де-Жанейро шаарына орто эсеп менен 70 километр алыстыкта жайгашкан.



Тектеш кабарлар