Африндеги террористтердин мыкаачылыктары видеого тартылды

Хатайдын маңдайындагы Жиндересте тартылган видеолордо террористтер замбирек жайгаштырылган унааны түрк жерлерин бутага ала тургандай түрдө жайгаштыргандан кийин ок атты.

Африндеги террористтердин мыкаачылыктары видеого тартылды
Африндеги террористтер видеого тартылды
Африндеги террористтер видеого тартылды

Африндеги террористтердин мыкаачылыктары асмандан  видеого тартылды.

Сириянын Африн аймагында жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГга каршы 20-январда башталган «Зайтун бутагы» кыймылында Түркияга багытталган жана жарандардын өлүмүнө себепчи болгон террордук кол салуулар, учкучсуз учуучу аппараттар  (İHA) тарабынан видеого тартылды.

Хатайдын маңдайындагы Жиндересте тартылган видеолордо террористтер замбирек жайгаштырылган унааны түрк жерлерин бутага ала тургандай түрдө жайгаштыргандан кийин ок атты.

Үйлөрдүн арасындагы жарандык кийимчен террористтер, бутаны мээлеп аткандан кийин турган аймагынан ылдам түрдө алыстады.

Учкучсуз учуучу аппараттар (İHA) тарабынан кадам-кадам байкалган террористтер, көп өтпөй эле  ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГга таандык жалган штабына жетти.

Бул жерде башка террористтер да бар экени көрүндү.

Видеолордо көңүлдү бурган башка бир детал да террор уюмуна мүчө террористтердин, учкучсуз учуучу аппараттардын (İHA) жалган штабдын көрүнүшүн тарттырбоо үчүн машинанын дөңгөлөктөрүн өрттөгөндөрү болду.

Байрактар учкучсуз учуучу аппараттар (İHA) тарабынан байкалган жана видеого тартылган террористтердин кол салуудан кийин жашырынган жалган штабы, Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан таамай атылып жер менен жексен кылынды.



Тектеш кабарлар