АКШ Орусия чыгарган танканы атты

Коалиция күчтөрү Т-72 үлгүсүндөгү танканы жок кылды.

АКШ Орусия чыгарган танканы атты

Сирияда террордук уюм ДЕАШка каршы операция жүргүзгөн АКШнын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрү, Орусия чыгарылышындагы бир танканы атты.

Бирдиктүү кызмат күчүнүн операция боюнча катчысы полковник Райан Диллон, 10-февралда Сириянын Дейр эз-Зор шаарынын түштүгүндөгү Тебие айылана жакын жерде Орусия чыгарган танканын коалиция күчтөрү жайгашкан жерге ок атканын белгиледи.

Коалиция күчтөрүнүн өзүн-өзү коргоо максатында кыймыл кылганын айткан полковник Диллон, Орусия  чыгарган Т-72 үлгүсүндөгү танканын бомбаланганын белгиледи.

Туура эмес түшүнүк жана божомолдоолордон алыс болуу үчүн орус бөлүктөрү менен байланыш курулганын билдирген Диллон, танканын кимге таандык экени боюнча маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар