Ганада мененгит эпидемиясы

Батыш Гонжа аймагында аныкталган 19 мененгит оорулуусунан жетөөсү каза болду.

Ганада мененгит эпидемиясы

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Ганада мененгит эпидемиясынан улам 7 киши каза болду. Өлкөнүн түндүгүндөгү Батыш Гонжа аймагында аныкталган 19 мененгит оорулуусунан жетөөсү каза болду.

Аймактын саламаттык сактоо кызматтарын башкаруу директору Саеед Муазу Жибреал каза болгондордун ооруканага кеч келгендигин белгилеп эпидемиянын текшерүү астына алынышы үчүн иш баштатылгандыгын белгиледи. Жибреал аймактын тургундарына моюн жана баш оорусу болгон учурда дароо ооруканага келүүлөрү боюнча эскертти.

Мээден баштап дененин бардык жерине таасирин тийгизген мененгит аба жолу менен да жугушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар