Ким Чен Ындын чакырыктары

Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги KCNA жолугушуу тууралуу фотосүрөттөрдү жарыялады.

Ким Чен Ындын чакырыктары

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Түштүк Корея менен Олимпиада оюндары аркылуу жаратылган «макулдашуу жана диалог боюнча жылуу мамиленин» дагы да жандандырылып улантылышы чакырыгын таштады.

Ким , Түштүк Кореяны 1953-жылдагы ок атпоодон бери сапар жасаган жогорку деңгээлдеги Түндүк Корея делегациясы болгон жана Пхенчхан-2018 кышкы Олимпиада оюндары убагындагы жолугушууларын аяктап өлкөсүнө кайткан Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын политбюросунун мүчөсү, карындашы Ким Чо-йонг жана Түндүк Кореянын парламент төрагасы Ким Намды кабыл алды.

Жолугушууга айрыкча Улуттук спорт боюнча жетекчи комитетинин төрагасы Чо Ви жана өлкөнүн тынчтыкчыл биригүүсү үчүн комитеттин төрагасы Ри Сон-гвон да катышты.

Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги KCNA жолугушуу тууралуу фотосүрөттөрдү жарыялады.

KCNAнын берген маалыматына караганда Түндүк Кореянын лидери өлкөсүнүн делегациясынын Олимпиадалардын ачылыш аземине катышуусу менен катар «чынчыл» аракеттерин мактады жана жасаган иштеринен улам ыраазычылыгын билдирди.

Ким, Түштүк Кореяны меймандостугунан улам куттуктады жана Түндүк Корея делегациясынын өздөрүн жакшы сезиши үчүн көрсөткөн чынчыл аракет жана делегацияга таанылган мүмкүнчүлүктөрдөн улам ырахматын айтты.

Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын орток эрки жана күчтүү каалоосу менен жаратылган макулдашуу жана диалог боюнча жылуу мамилесинин дагы да жандантылып жакшы жыйынтыктар алынышынын маанилүү экенин белгилеген Ким, Түндүк жана Түштүк карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшүнө багытталуунун кеңирисин айтты жана тема тууралуу ишке ашырылса боло турган кадамдардын ташталышы үчүн маанилүү буйруктарды берди.

Түндүк Корея Олимпиадаларга атлеттери менен катар понпон кыздарын жана музыканттарын да жөнөткөн.

Бирок Кимдин бул макулдашуу планынын кеңириси кабарларда орун алган жок.


Этикеткалар: Ким Чен Ын

Тектеш кабарлар