АКШдагы мечитке кол салгандар кармалды

Штаттык прокуратурадан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, аты аталган 4 шектүүнүн «автоматтык курал алып жүрүү» кылмышы менен кармалганы белгиленди.

АКШдагы мечитке кол салгандар кармалды

АКШнын Миннесота штатында өткөн жылы август айында бир мечитке бомбалуу кол салуу кылгандары себеби менен изделген 4 шектүү кармалды.

Штаттык прокуратурадан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, аты аталган 4 шектүүнүн «автоматтык курал алып жүрүү» кылмышы менен кармалганы белгиленди.

Прокуратура, шектүүлөрдүн 2017-жылы 5-августта Миннесота штатындагы «Дар Аль-Фарук» Ислам борбору аттуу мечитке бомбалуу кол салууну кылган кишилер экенин жарыялады. Ошол эле кишилердин ноябрь айында бойдон түшүрүүчү (аборт) клиникага да кол салгандары белгиленди.

Прокуратура жарыясында шектүүлөрдүн Майкл Хари (47), Джо Моррис (22), Майкл МакВотер (29) жана Эллис Мак (18) экени айтылды.

Миннесотанын Блумингтон аймагындагы «Дар Аль-Фарук» Ислам борборуна багымдат намазынын алдында болгон жана имамдын кеңсесин кичине өлчөмдө зыянга учураткан кол салуунун провинция жана өлкөнүн жалпысында каршы чыгууларга себепчи болгон.

Миннесотадан АКШнын алгачкы мусулман мүчөсү болуп Конгресске шайланган жана орто эсеп менен 10 жылдан бери Конгрессте кызмат кылган Демократ партиянын эл өкүлү Кейт Эллисон кол салууну айыптаган жана «Бул мечитке, бул ибадат үйүнө бомба ыргыта турган адамды айыптоо үчүн жагымдуу, назик жана камтуучу түрдө каршылык көрсөтүүдөн дагы жакшы нерсе болбойт. Бирдиктүү болсок, Алла тааланын уруксаты менен муну ашып өтөбүз»,-деп айткан.

Кол салуудан кийин жергиликтүү полиция, Федералдык териштирүү кеңсеси (FBI)  менен алкогол, тамеки, оттуу курал жана жардыруучулар боюнча кеңсеси (ATF) териштирүү баштаткан.



Тектеш кабарлар