Орусия Балтика өлкөлөрүндө бат  - бат аба мейкиндигин бузуу менен күнөөлөнүүдө

Эстония орус аскердик жүк ташуучу учагынын аба мейкиндигин бузгандыгын айтып Орусияга нота берди.

Орусия Балтика өлкөлөрүндө бат  - бат аба мейкиндигин бузуу менен күнөөлөнүүдө

 Эстония орус аскердик жүк ташуучу учагынын аба мейкиндигин бузгандыгын айтып Орусияга нота берди.

Эстониянын жергиликтүү басма сөзүндө орун алган кабарларда II-76 орус жүк ташуучу учагынын дүйшөмбү күнү Эстония аба мейкиндигин бузгандыгы, ушул боюнча кечээ Эстониянын тышкы иштер министрлигинин Орусияга нота бергендиги белгиленди.

Эстония армиясы орус жүк ташуучу учагынын Балтика деңизинде Вайндлоо аралынын жакындарында аба мейкиндигин бузгандыгы, эреже бузуунун бир минутага жакын созулгандыгы, учактын радарлардын ачык болгондугуна карабастан Эстония аба багытоо кызматы менен байланыш курбагандыгын билдирди.  

Орусиянын коргоо министрлиги болсо айтылгандарды четке кагып, учуунун эл аралык эрежелердин алкагында ишке ашырылгандыгын, эч бир өлкөнүн чек арасынын бузулбагандыгын жактады.

Бельгиянын Флоренс аскердик базасындагы эки Ф  - 16  учагынын январь айында Түндүк деңизинин үстүндө «Туполев ТУ 160» моделиндеги эки орус бомбалоочу учагына тоскоол болгондугу жарыяланган болчу.

Орусия Балтика өлкөлөрүндө бат  - бат аба мейкиндигин бузуу менен күнөөлөнүүдө.



Тектеш кабарлар