Ким Чен Ын Путинди куттуктады

Ким, Путиндин кайрадан президент болуп шайланышын «элдин ага көрсөткөн чоң колдоосу жана ишениминин чагылышы» экенин айтты.

Ким Чен Ын Путинди куттуктады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, жекшемби күнкү президенттик шайлоону жеңип алган Орусиянын президенти Владимир Путинге куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү.

Ким, Путиндин кайрадан президент болуп шайланышын «элдин ага көрсөткөн чоң колдоосу жана ишениминин чагылышы» экенин айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда мурдатан бери келе жаткан достук карым-катнаштарга толук ишенээрин белгилеген Ким: «Күчтүү Орусияны куруу жолундагы аракетиңизде ийгилик каалаймын»,-деди.


Этикеткалар: Путинге , Ким Чен Ын

Тектеш кабарлар