Тоба көлүндө дайынсыз жолголгондордун саны көбөйдү

300 метр тереңдикке чейин издөө-куткаруу иштери уланып жатат.

Тоба көлүндө дайынсыз жолголгондордун саны көбөйдү

Индонезиянын Суматра аралындагы Тоба көлүндө дүйшөмбү күнү кайыктын чөгүп кетишинин себебинен дайынсыз жолголгондордун саны 192ге жетти.

Улуттук издөө жана куткаруу мекемесинин жетекчиси Мухаммед Сяуги, үй-бүлөлөрү жана жакындарынын билдирүүлөрү боюнча дайынсыз жоголгондордун санынын 192 деп жаңыланганын маалымдады.

Ушул учурга чейин 18 кишинин куткарылгандыгын жана 4 кишинин каза болгонун айткан Сяуги, Самосирден Сималунгунга бара жатып оодарылып кеткен «КМ Синар Бангун» атту жыгачтан жасалган кайыктын жүргүнчү көлөмүнүн 43 киши экени жана бул кайыкта 45 гана коргоочу жилеттин болгону белгиленди.

Мухаммед Сяуги айрыкча кырсык болгон аймакта 300 метр тереңдикке чейин издөө-куткаруу иштери уланганын билдирди.

Бир тараптан Транспорт министрлиги да 400гө жакын кызматкер менен издөө-куткаруу иштеринин биринчи этапта дагы 7 күнгө улана турганын маалымдады.

Жооптуу кызматкерлер кырсыкка туруксуз аба шарттары жана ашыкча жүргүнчүнүн себеп болгонун билдиришкен болчу.



Тектеш кабарлар