Түркиядан январь  -  сентябрь мезгилинде 93 өлкөгө чай экспорттолду

Жылдын 9 айында жалпы чай экспорту 21 миллион 732 миң 96 долларга жеткен.

Түркиядан январь  -  сентябрь мезгилинде 93 өлкөгө чай экспорттолду

 

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда бул мезгилде  чай экспортунда Бельгия 8 миллион 676 миң 448 доллар менен биринчи орунду алып, Германия 6 миллион 109 миң 347 доллар менен экинчи, Кипр 1 миллион 82 миң 514 доллар менен үчүнчү, Сауд Аравия болсо 897 миң 304 доллар менен төртүнчү орунду алды. Бул мезгилде Канада, Сенегал, Иордания, Кувейт, Чад, Эфиопия, Сингапур, Сомали, Нигерия, Габон, Гамбия, Гана, Танзания жана Панама сыяктуу өлкөлөргө да экспорт жасалды.

Жылдын 9 айында жалпы чай экспорту 21 миллион 732 миң 96 долларга жеткен.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмет Хамди Гүрдоган жалпы чай экспортунун 70 пайыздык бөлүгүнүн Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жасалгандыгын бса белгилеп : «Чыгыш Кара деңиз экономикасынын эң негизги продукцияларынын арасында чай абдан чоң мааниге ээ. Өлкөбүзгө келген туристтердин түрк чайын тандашы менен экспортубуз Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жасалууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар