Түркия бул жылы Орусиядан 6 миллион турист күтүп жатат

Куртулмуш орус жетекчилер менен өткөрүлгөн жолугушууларда Түркия жана Орусиянын ортосунда туризм тармагында аткарыла тургандарды карап чыгышкандарын билдирди.

Түркия бул жылы Орусиядан 6 миллион турист күтүп жатат

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш Орусиянын борбор шаары Москвадагы жолугушууларынын негизинде түрк туризм сектору жана орус базары тууралуу акыркы абалдарга баа берди.

Куртулмуш орус жетекчилер менен өткөрүлгөн жолугушууларда Түркия жана Орусиянын ортосунда туризм тармагында аткарыла тургандарды карап чыгышкандарын билдирди.

Өткөн жылы Түркияга 4 миллион 700 миң орус туристтин келгендигин эске салган Куртулмуш : «Биз туризмди жана маданиятты элдердин жакындашуусуна мүмкүнчүлүк түзө турган, саясий келишпестиктерге оптимисттик көрсөтүүнүн каражаты катары колдоно ала турган жумшак күч элементи катары карагандыгыбызды дагы бир жолу тактадык жана бул тармакта жасала тургандарды карап чыктык»,- деди.

Туризм тармагында Кара деңизге коңшу өлкөлөр менен орток бир круиз багытынын аныкталышына карата иштерди жүргүзүшкөндөрүн билдирген Куртулмуш  : «Ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңизде круиз кемелери менен байланыштуу орток кыймыл кыла алабыз жана Кавказдарда  кандай орток пакеттерди түзө алабы,з буларды сүйлөшүп жатабыз»,- деди.

Нуман Куртулмуш Москва эл аралык саякат жана туризм жарманкесинин негизинде Орусияда иш алып барган 20 тур операторунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөрүн белгилеп : «Орус базарында үстөмдүк кылган тур операторлору алган эрте резервация сандарына караганыбызда 2018 -  жылы Орусиядан келе турган турист санынын 6 миллиондон ашары көрүнүүдө»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар