Кытай менен АКШнын "соода согушу" күчөп баратат

Жаңы соода ишке ашыруусунун АКШнын Кытайга каршы 200 миллиард доллардык товарларга 10 пайыздык кошумча салык киргизүүсүнүн күчүнө кирген убагы менен бир күндө болушу көңүлдү бурду.

Кытай менен АКШнын "соода согушу" күчөп баратат

Кытай, 60 миллиард доллардык Америкадан чыккан товарларга 5 пайыздан 10 пайызга чейин кошумча салык киргизди.

Кытай Мамлекеттик кеңешинин бажы тарифтери комиссиясынан берилген маалыматка караганда АКШдан импорттолгон 60 миллиард доллардык 5207 товарга 5 пайыздан 10 пайызга чейин кошумча бажы салыгы киргизилгени белгиленди.

Анда кошумча салыктардын 24-сентябрда күчүнө кире турганы билдирилди.

Жаңы соода ишке ашыруусунун АКШнын Кытайга каршы 200 миллиард доллардык товарларга 10 пайыздык кошумча салык киргизүүсүнүн күчүнө кирген убагы менен бир күндө болушу көңүлдү бурду.

Бул тема тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги «АКШнын учурдагы бир беткей жана соодалык коргонуучулук ыкмалары Кытай тарабынан кабыл алынгыс», Соода министрлиги да «Өз мыйзамдуу укук жана кызыкчылыктарыбыз менен эл аралык эркин соода тартибин коргош үчүн бул абалга бир убакта жооп берүүгө аргасыз болобуз»,деген маалымдоону жасады.

АКШнын кечээки жарыясында, президент Трамптын буйругу менен орто эсеп менен 200 миллиард доллардык Кытай товарларына багытталган кошумча бажы тарифтерин  24-сентябрда күчүнө киргизе турганын жана жылдын акырына чейин 10 пайыз деңгээлинде боло турган тарифтер, 2019-жылдын 1-январынан тарта 25 пайызга жогорулай турганын айтканын маалымдаган.

АКШ жана Кытайдын ортосундагы «соода согушунун» күчөшү

АКШ менен Кытайдын ортосундагы «соода согушунун» башталгычы катары көрүнгөн абалдар, Трамп башкаруучулугунун 23-мартта импорттолгон болот жана алюминийге катары менен 25 жана 10 пайыздык кошумча бажы салыгын киргизүүсү менен башталды.

Кытай, Вашингтондун болот жана алюминий товарларына карай кошумча бажы салыктарына жооп катары, апрель айынын башында АКШдан чыккан 128 товарга 15 пайыздан 25 пайызга чейин өзгөргөн тарифтерди киргизген.

АКШ башкаруучулугу айрыкча Кытайдын америкалык фирмалардын технологияларын жана интеллектуалдык мүлктөрүн ыйгарып алууга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди кылганы себеби менен жалпы 50 миллиард доллар баасындагы Кытайдан чыккан товарга, июль жана август айларында 25 пайыздык кошумча бажы салыгын ишке ашырууну күчүнө киргизди.

Пекин башкаруучулугунун АКШнын бир гана Кытайды бутага алган бул иш-аракетине жообу кечиккен жок. Кытайдын Соода министрлиги бул чечимге жооп иретинде АКШдан импорттолгон 50 миллиард доллардык 659 товарга 25 пайыздык бажы салыгын киргизе баштады.

АКШнын президенти Дональд Трамп, 18-июнда мындан мурда жарыяланган тарифтерине Кытайдын ошондой түрдө жооп кайтарган учурунда 200 миллиард доллар баасындагы товарларга да токтоосуз түрдө 10 пайыздык салык киргизиле турганынын буйругун берген.

АКШнын Соода департаментинин расмий көрсөткүчтөрүнө караганда өткөн жылы Кытайдан импорттолгон бардык товарлардын жалпы баасы орто эсеп менен 505,5 миллиард долларга туура келген. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кытайдан импорттолгон товарлардын жалпы баасы болсо 250 миллиард доллардын айланасында ишке ашты.



Тектеш кабарлар