Египетте жаңы археологиялык казуулар

Археологиялык казууларда тарыхый табылгалар табылды.

Египетте жаңы археологиялык казуулар

Египеттин Александрия шаарындагы археологиялык казууларда Рим дооруна таандык тарыхый табылгалар табылды.

Египеттин Тарыхый табылгалар министрлигинин Жогорку кеңешинин баш катчысы Мустафа Везири, Александрияда мамлекетке караштуу бир делегациянын жүргүзгөн иликтөөлөрүндө Рим дооруна таандык шам чырактар жана курмандык малдар үчүн колдонулган буюмдардын табылганын билдирди.

Везири бул табылгалардын бетинде Рим доорундагы теңирчелердин сүрөттөрү орун алганын жана булардын даана көрүнүп турганын белгиледи.

Баш катчы Везири, казууларда табылган дагы бир маанилүү табылганын Эллинистик доорго таандык көрүстөн капкагы экенин маалымдады.

Египеттин тарыхый табылгалар секторунун жетекчиси Эймен Ашмави болсо, көрүстөн капкагында акиташ жана кум аралашмасы менен жасалган байыркы Египет ибадатканасы түрүндө абдан так көрүнүштөрдүн орун алганын билдирди.

Ашмави, аты аталган капкактын байыркы Египетте көп колдонулган «жалган көрүстөн кире бериштери» айтымдарына байланыштуу жагдай экенин айтты.



Тектеш кабарлар