Үй эмеректеринин жарманкесинде түрк ишканалары кызыгуу жаратууда

Чикагодо үй эмеректеринин жарманкеси өтүп жатат.

Үй эмеректеринин жарманкесинде түрк ишканалары кызыгуу жаратууда

АКШнын Чикаго шаарында өтүп жаткан Эл аралык үй эмректери жарманкесинде, түрк фирмалары чоң кызыгуу тартууда.

Түркиядан 20 фирма катышкан 4 күндүк жарманке, Түндүк Американын эң ири конгресс жана жарманке борборлорунан McCormick Placeта ишемби күнү башталды.

Үй эмеректери секторунда дүйнөнүн эң маанилүү иш-чараларынын башында турган жарманкеде түрк фирмаларынын стенддери кызыгуу жаратууда.

Түркиянын Чикагодогу башкы консулу Умут Ажар, түрк фирмаларынын АКШ рыногуна карай арткан кызыгуусунун өнүгүп келе жаткан Түрк-Америка экономикалык жана соода-сатык карым-катнаштары жагынан үмүт берүүчү экенин баса белгиледи.

Бүгүн аяктай турган жармакеде орто эсеп менен 2 миң 200 фирма өз товарларын жана кызматтарын таанытууда.



Тектеш кабарлар