Анжелина Жоли Ирактын Мосул шаарына барды

Дүйнөгө таанымал америкалык оюнчу Жоли, катуу кагылышуулар болгон шаардын батыш жагындагы Эски Мосул аймагында урандылардын арасын кыдырды.

angelina jolie irak2.jpg
angelina jolie irak1.jpg

Оскар сыйлыктуу оюнчу жана БУУнун жогорку комиссарлыгынын жакшы ниет элчиси Анжелина Жоли, Иракта террордук уюм ДЕАШтын кол салууларынан жана кагылышуулардын айынын урандыга айланган Мосул шаарына барды.

Дүйнөгө таанымал америкалык оюнчу Жоли, катуу кагылышуулар болгон шаардын батыш жагындагы Эски Мосул аймагында урандылардын арасын кыдырды.

Аймактагы айрым тургундар менен баарлашкан Жоли: «Бул, БУУнун жогорку комиссарлыгы менен кызматташкан жылдар аралыгында көргөн эң чоң кыйранды»,-деп айтты.

Жоли адамдар бардык нерселерин жоготконун, үйлөрү кулаганын, жакыр калгандарын, үйлөрүндө балдары үчүн дары жок экенин жана көпчүлүгүнүн суу дагы таба албаганын белгилеп өттү.

Аймак калкынын ДЕАШтын басып алуусунун себебинен дуушар болгон сөз жеткис эзилүүдөн кийин эми үйлөрүн чектелген жардамдар менен кайра курууга аракет кылгандарын айткан Жоли, көпчүлүгү башынан өткөргөн ушунчалык азаптарга карабастан оптимсттик көз карашта экенин, үйлөрүнүн кыйрандыларын өз колдору менен жыйнаганын жана бири-бирилерине жардам берип жаткандарын маалымдады.

Элдин жардамга муктаждыгы болгонун баса белгилеген БУУнун жакшы ниет элчиси Жоли, айрыкча шаардын ырааттулугунун, бүтүндөй Ирактын ырааттуулугунун жана келечекте аймактын ырааттуулугу үчүн керектүү экенине көңүл бурду.

БУУнун жакшы ниет элчиси Анжелина Жоли, мурда да ДЕАШтын кол салууларынын себебинен үйлөрүнөн көчүүгө аргасыз болгон баш калкалоочуларга барып абалын сураган.



Тектеш кабарлар