ПЙД/ЙПГнын адам укуктарын бузуулары

Ар түрдүү эл аралык уюмдардын Сириядагы ПЙД/ЙПГнын адам укуктарын бузгандыгы тууралуу отчеттору.

ПЙД/ЙПГнын адам укуктарын бузуулары

ПЙД/ЙПГнын АДАМ УКУКТАРЫН БУЗУУЛАРЫ

 ПКК/КЖК куралгандан бери Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Анадолу аймактарында жашаган атуулдарга кысым жана зомбулукту (айылды басып алуу, киши өлтүрүү, мажбурлап көчүрүү, кармап кетүү, коркутуу ж.б.у.с) ишке ашырып аймак калкын уюмга кошуу стратегиясын жүргүзүүдө. Бул уюмдун Сириядагы уландысы болгон ПЙД/ЙПГ да ошондой эле стратегияны Сирияда жашаган элдерге жасап жатат.

ПЙД/ЙПГ террор уюму аймакта өзү жалгыз үстөмдүк кылуучу күч болуу максаты менен аймакта жашаган күрттөр, арабдар, түркмөндөр, йезиддер сыяктуу этникалык элементтерге карай этникалык тазалоо менен кошо чоң адамзат кылмышын кылып жатат. Аты аталган кылмыштар эл аралык адам укуктары мекемелери тарабынан байкалды жана бул кыймылдар отчетторго чагылдырылды. Аймактан ЙПГ/ПЙД террор уюмунун зомбулугунун себебинен бир топ жергиликтүү калк мажбурлап көчүрүлүп жерлеринен ажыратылган. ПЙД/ЙПГнын зулумдугунан качкандар Түркиянын сириялыктарга ачык каалга саясатынын талабына ылайык коопсуз өлкө катары өлкөбүздү тандашты. ЙПГ/ПЙДнын ушунча көп адам укуктарын бузууларына карабастан уюмдун (жалган) ДЕАШ менен күрөшкөн жалгыз уюм пропагандасына кабылган жана террор уюмуна тышкы колдоону камсыздаган эл аралык күчтөрдүн сөзү болгон адам укуктарын бузууларды көрмөксөнгө салганы ачык көрүнүп турат. ДЕАШ менен (жалган) күрөшүү деген аталыштын астында жеткирилген курал жана ок-дарылардын көпчүлүгү аймакта жашаган күрттөр, арабдар, түркмөндөр сыяктуу элдердин уюмдун алдында чөгөлөтүлүшү максаты менен колдонулган.

Мисал үчүн Сириянын Адам укуктары уюму (SNHR) тарабынан 2016-жылдын январь айында пландалган отчетто, ЙПГ/ПЙДнын көзөмөлүндөгү аймактарда этникалык тазалоодон туш келди камоолорго чейин, мажбурлап аскерге алып кетүүдөн көчүрүлүүгө чейин бир топ адам укуктарын бузуулар болгону белгиленди. Отчет жарыяланган күнгө дейре 51и бала, 43ү аял жана кыйноого учурап курман болгон 16 киши менен кошо кеминде 407 жарандын ЙПГ/ПЙД тарабынан өлтүрүлгөнү аныкталган.

Адам укуктарын байкоо уюмунун (HRW), 2014-жылдын июнь айында жарыялаган «Under Kurdish Rule: Abuses in PYD-Run Enclaves of Syria» аттуу башка бир отчетто да ЙПГ/ПЙД террор уюмунун саясий жактан өзүнө атаандаш катары көргөн кишилерди уурдоо, кармап алуу жана карактоо сыяктуу ишке ашырууларды бат-баттан кылып турганы атайын белгиленген. Өзгөчө ПЙДга оппозициячыл партиялар болгон Сириянын күрт демократ партиясы (PDKS),йекити жана азадинин мүчөлөрүнө каршы жаман мамиле жана туш келди камоолор болгону отчетто белгиленген.

 ЙПГ/ПЙДнын этникалык тазалоого жеткен адам укуктарын бузууларга мисалдарды бере турган болсок;

ОППОЗИЦИЯЧЫЛДАРГА КАРАЙ КАРАКТООЛОР

Сирияда альтернативалык түзүлүшкө уруксат бербеген террор уюму ЙПГ/ПЙД, оппозициячылдарга карай карактоолорун ишке ашырды.

ЙПГ/ПЙД террор уюмунун карактоолоруна 2011-жылдын октябрь айында Сириядагы оппозициячыл күрттөрдөн турган Келечектин партиясынын лидери Мишел Темого кол салуу менен башталган. Режим менен бирге  кыймыл кылганы байкалган террор уюму карактоосун аткаруу кошматчылыгын кылып аймактагы көпчүлүк күрттүн каршы чыгуусун тарткан.

ЙПГ/ПЙДнын бул кол салуусунан кийин оппозициячылдарга карай кол салуулар уланды. Уруу лиерлери Абдуллах Бедро жана Сирия күрттөрү демократиялык биримдик партиясынын Халеб боюнча жооптуусу Шерхад Хаж Решид террор уюмунун кылмыш кылууларынын жыйынтыгында өлтүрүлдү.

Айрыкча Сириянын Курдистан демократиялык партиясынын төрагасы Салах Бедреддин, террор уюмунун кысымынын айынан Германия аркылуу Эрбилге качууга аргасыз болгон.

Сирияда согуштан мурда 12 күрт тобу болсо эми бир гана ПКК/ПЙД бар. Жүз миңдеген күрт кысымдын айынан ПКК/ПЙД карамагындагы аймактардан көчүүгө аргасыз кылынды. Түркияга 350 миң сириялык күрт баш калаган жана дагы деле Түркияда жашап жатышат.

Муну менен катар Амудеде 2013-жылы 27-июнда ПЙД/ЙПГга каршы митингде ПЙД/ЙПГ террористтери митингчилердин үстүнө ок атып жана үч күндө 8 митингчи каза тапкан. Ошол эле митинг убагында болсо 50 Йекити партиясынын мүчөсү ПЙД/ЙПГ террористтери тарабынан ЙПГнын имаратына алып барылып ур-токмокко алынган.

УУРДАЛГАН ЖЕ КАРМАП КЕТКЕНДЕРГЕ КАРАЙ УКУК БУЗУУЛАР

Террор уюмунун полиция кызматы катары атаган «Asayiş» тарабынан укук бузуулары, адам укуктарын байкоо уюмдарынын отчетторунда өзүнө орун тапкан. Кармалган адамдардын кармалуу убагында кыйноо жана жаман мамилеге дуушар болгондору, көпчүлүгүнүн ушул учурда каза болуп калганы белгиленген.  HRW отчетуна караганда; Афринде кармалган Ханнах Хамдош, көп өтпөй өлтүрүлгөн, бирок ПЙД/ЙПГ тарабынан башы дубалга урулуп өлтүрүлгөнү айтылып чыккан. 2014-жылдын февраль айында Сере Каниеде болгон башка бир доодо болсо 24 жашындагы Равшан Аташ, бир «Asayiş» мүчөсү тарабынан өлтүрүлгөн.

Отчетко караганда 2012-2014-жылдар аралыгында аймакта 9 даана чечиле албаган кылмыш жана жоголуу доосу болгону, бул адамдардын бардыгынын ПЙД/ЙПГ оппозициячылдары болгондору да коопсуздук күчтөрүнүн өзүм билемдик ишке ашыруулары темасында шек санатууда.

АЯЛДАРГА ЖАНА БАЛДАРГА КАРАЙ КҮЧ КОЛДОНУУ

ПЙД/ЙПГ террор уюму Сирияда басып алган аймактардагы үстөмдүгүн коргоо, өзүнө каршы чыккан элди жайгаруу жана мүчөгө ээ болуш үчүн аялдарга жана балдарга күч колдонууга көп кайрылышкан.

ПЙД/ЙПГнын бул ишке ашыруулары SNHRнын 2016-жылдын январында жарыялаган отчетто орун алды. Тийиштүү отчетто; 2011-2016-жылдар аралыгында 42 аялдын ПЙД/ЙПГ террористтери тарабынан өлтүрүлгөнү документтештирилген. Бул аялдардан Халебге караштуу Сай Гхоул айылында жашаган Набия Эл Салах, 2015-жылы 14-августта ПЙД/ЙПГ террористтери тарабынан Ракка-Тел Абяд жолунда 3 ок менен атып өлтүрүлгөн.

Отчетто көңүлдү бурган башка бир мисал болгон Тарфа Халил эл Хасуд 58 жашта болчу. Күйөөсүн өлтүргөн ПЙД/ЙПГ террористтеринен жашынууга аракет кылып жатканда өз үйүндөгү короосунда өлтүрүлдү. Айрыкча тийиштүү отчетко караганда ПЙД/ЙПГ 2014-жылдын январ- 2015-жылдын октябрь мезгилинде Хасеке, Камышлы, Африн сыяктуу аймактарда «мажбур аскерлик» деген аталыштын астында 88 аялды алып кеткен.

ЭТНИКАЛЫК ТАЗАЛОО ЖАНА МАЖБУРЛАП КӨЧҮРҮҮ

ПЙД/ЙПГ террор уюму таасирдүү болгон аймактарда, көп сандаган араб жана түркмөн менен катар сүряни, армян ж.б.у.с. этникалык топтор да бар. Басып алган жерлерде өз үстөмдүгүн курууга аракет кылган террор уюму, аймакта жашаган адамдарды мажбурлап көчүрүүдө, айрым отурукташкан жерлерди кыйратып демографияны өзгөртүүдө.

Адам укуктарынын Сирия желесинин (SNHR) отчетунда Хасекеде орто эсеп менен 100 түркмөн үй-бүлөнүн күч колдонуу жана кысымга дуушар болгонуна орун беилүүдө. Түркмөндөр эң оболу өлкөнүн ар башка жерлерине көчүүгө мажбур болгондорун жана андан кийин татаал жашоо шарттарынын себебинен Түркияга баш калкалашкан.

SNHR тарабынан 2016-жылдын январ айында даярдалган отчетто; ПЙД/ЙПГнын жайгашкан жерлерине кирип, бул жерлерди тоногондору, күрт калк жашабаган жерлерде этникалык тазалоону кылгандары, үйлөрдүн кыйратылып өрттөлгөнү жана адамдардын көчүүгө мажбурланганы баса белгиленген. Отчетко караганда; көпчүлүгү арабдардан турган он миңдеген киши ПЙД/ЙПГ тарабынан жеринен ажыратылды, ондогон айыл кыйратылды. Бул кыймылдардын «Рим» келишиминин 8-беренсине ылайык, согуш кылмышы, адамзатка каршы кылынган кылмыш экенин жана отурукташкан эл аралык адам укуктары укугунун бузулушу түшүнүгүн бергенине басым жасалды. SNHR тарабынан даярдалган отчетко караганда; 9 отурукташкан жер толугу менен кыйратылган жана тургундары жеринен ажыратылган, 19 айыл болсо ар кайсы жери кыйрыталып, кааланбаган кишилер бул жерлерден сүргүнгө айдалган. Муну менен катар; ПЙД/ЙПГ террор уюму басып алган айылдарда, этникалык тазалоо жасоо максатында коркутуу жана күч колдонуу жолу менен күрт эмес калкты жерлеринен ажыратууда. SNHR тарабынан даярдалган отчетко караганда; кеминде 49 отурукташкан жерден он миңдеген киши сүргүнгө айдалды.

ПЙД/ЙПГ террор уюму; 2015-жылдын 26-майында Хасекенин түштүгүндөгү 26дан ашык айылда жашаган адамдарга бул айылдарды бошотуулары үчүн 24 саат убакыт бергенин жарыялаган. Бул айылдардан бирөөндө жашаган бир күбөнүн отчетто орун алган баяндоосуна караганда; ПЙД/ЙПГ террористтеринин айылга келишинен тарта арабдарга карай агрессивдүү мамиле кылып, (жалган) Күрдистанда арабдарга жана түркмөндөргө орун жок экенин айткан жана бир топ үй террористтер тарабынан кулатылган. Отчетто орун алган башка бир мисалда болсо; 2015-жылдын февралында Хасекеде орун алган 100 түркмөн үй-бүлөсүнүн туш келди кармоолор жана ар түрдүү кыйноолор менен жерлеринен ажыратылганына байланыштуу. Аты аталган үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап Түркияга баш калкалашты. Эл аралык Мунапыс Уюму (Amnesty) 2015-жылы октябрда көргөн күбөлөрдүн айткандары, спутник көрүнүштөрү жана адис байкоолоруна таянып жарыялаган «Бара турган башка жерибиз жок» (We Had Nowhere Else to Go) темалуу отчетто да; ПЙД/ЙПГ террор уюмунун кылган этникалык тазалоо, сүргүн жана кыйратуу кылмыштары ачыкка чыгарылган.

Тель Хамистин элет жеринде жайгашкан араб айылы Хүсейнийеде жасалган иликтөөлөр жана кыйратуулардан кийин артта калган айылдыктар менен болгон жолугушуулар отчетто орун алган. Айылдын 2014-жылы июнь жана 2015-жылдын июнь даталарындагы абалдары спутниктен тартылган фотосүрөттөр менен салыштырылып ортого салынган жана 225 үйлүү айылдын бир жылдын ичинде 94 пайызы кулатылып болгону 14 үй калганы белгиленген.

Эл аралык Мунапыс Уюмунун адиси Лема Факих: «ПЙД/ЙПГ, жарандардын үйлөрүн жана айылдарын толугу менен кулатып, жер менен жексен кылып, тургундарын мыйзамдуу эч бир аскердик платформага таянбастан жеринен ажыратып, согуш кылмышына туура келген кол салуулар менен эл аралык адамзат укугун бети жоктой тебелеп жатат»,-деди.

БАЛА СОГУШКЕРЛЕР

ПЙД/ЙПГ террордук уюму, Сирияда кылган террордук кыймылдарынын алкагында басып алган жерлердин башкарылышы максатында көп сандаган баланы катарларына кошуп, ок атышуулардын алдыңкы катарларына түртүп чыгарууда.

Эл аралык көп сандаган келишимде (1949-жыл. Согуш убагында жарандардын корголушу тууралуу «Женева» келишимдери, «Женева» келишимдерине кошумча протокол 1989-жылы БУУнун «Балдардын укуктары» келишими жана «Балдардын укуктары» келишимине кошумча протокол) жазылганы сыяктуу бала курагындагылардын согушууларына тыюу салат. Ал эми ПЙД/ЙПГнын бул тыюу салууну бузуусу, көп сандаган көз карандысыз эл аралык мекеме жана уюмдун отчетторунда орун алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Көз карандысыз Сирияны изилдөө комиссиясынын 2013-жылдын 16-августтагы отчетунда, Африн жана Хасекеде ПЙД/ЙПГнын 12 жашындагы кыз жана эркек балдарды катарларына кошкону белгиленген.

БУУнун «Сириядагы балдар жана куралдуу кагылышуулар» аттуу отчетунда; Хасеке аймагындагы 14-17 жаштарындагы балдардын террор уюмуна мүчө катары кошулганы жана аларды керек болсо күзөт жерлеринде, керек болсо кагылышуу аянттарында колдонгону белгилеген.

АКШнын 2016-жылдын июнь айында жарыялаган Адам соодасы отчетунда; ПЙД/ЙПГ террор уюмунун 15 жашка чейинки балдар менен кошо эркек жана кыз балдарын уюмга мүчө катары кошкону, колдонгону жана аларды машыктыруучу лагерлерге алып баруусун улантканы жазылган. Ошол эле отчетко караганда; 2015-жылдын апрель айында Афринде террор уюму тарабынан 16 жаштагы кыз баланын үй-бүлөсүнүн каршы чыгууларына карабастан ПЙД/ЙПГ тарабынан уурдалып кеткен.

Адам Укуктарын Байкоо Уюмунун 2014-жылы жарыялаган «Күрт башкаруусунун астында» (Under Kurdish Rule) аттуу отчетто; ПЙД/ЙПГ-ЙРЖнын 18 жашка чейинки балдарды уюмга мүчө кылгандары, согуштурганы катталган.

Адам Укуктарын Байкоо Уюмунун 59 баладан турган бир тизмеге ээ болгону жана аты аталган бардардан 10унун 15 жаштан кичине болгону маалымдалган.

 

 

_____________________________________

https://www.hrw.org/world-report/2016/country-chapters/syria

https://www.hrw.org/report/2014/06/19/under-kurdish-rule/abuses-pyd-run-enclaves-syria

 

http://sn4hr.org/wp-content/pdf/english/Violations_by_the_Kurdish_Self_Management_Forces_en.pdf

http://www.ohchr.org/EN/HRBodies/HRC/.../A.HRC.28.69_E.doc%20%C3%96nbellek%20Benzer

 

http://edition.cnn.com/2013/11/29/world/meast/syria-children-refugees-report/index.html

https://www.state.gov/j/tip/rls/tiprpt/2016/

 

 



Тектеш кабарлар