Американын стратегиялык жаңылыштыгы

ПЙД/ПКК түрк территориясын коркутууда.

Американын стратегиялык жаңылыштыгы

                    Американын стратегиялык жаңылыштыгы

 

Adam McConnel

Эки жума мурда АКШлык жетекчилерден турган бир делегация түрк саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Анкарага келди. Эки жактын жыйынды абдан көңүл буруу менен баштагандыгына карабастан ортодогу бир гана так жыйынтык алдыбыздагы ай үчүн чечим чыгарылган эки тараптын ортосундагы байланыш кыйынчылыгын жеңилдетүү максатында түздөн түз бир диалог механизминин курулушу сыяктуу көрүнүүдө.

Мунун тышында башка маселелер акыркы төрт жылдын ичинде кандай келе жаткан болсо ошол бойдон улантылууда. Түрк жетекчилер АКШнын ПЙД/ПКК менен кызматташтык ичинде экендигин күн сайын сынга алышууда. АКШлык жетекчилер болсо өлкөлөрүнүн өз мекемелери тарабынан да «террорист» категориясына алынган уюм менен болгон карым  - катнашын башка түрдүү көрсөтүүгө же  теманы башка жакка бурууга аракет кылууда.

Башка АКШлык жетекчилер жана ал түгүл ЦРУ ПЙДнин ПККнын уландысы экендигин моюнга алып жатат. Бирок АКШлык катчылар же башка кээ бир АКШ жетекчилери түрк жетекчилер АКШнын ПЙД/ПКК союздаштыгын сынга алган учурда  шок болгондой же ал түгүл кыжырдангандай түр көрсөтүшүүдө. Түрк коомдук пикиринин АКШга карата кыжырдануусу артып жана Түркиянын АКШга  карата ишенбестиги тереңдеп жатса, алардын бир гана аткарган нерселери «кыжырдануу» жана «тажагандай» үн эффектисин жаратуу. Башка ыктымалдарга каалга ачпай тургандай түрдө, өзү жаңылыш багытталган саясаттарынан чыккан жыйынтыктар үчүн түрк басма сөзүн же «таштанды кадамдарды» күнөөлөп жатышат.

ПЙД/ПКК түрк территориясын коркутууда.

АКШнын ПЙД/ПКК менен кызматташтык түзүү жана артынан да иш алып баруу карым – катнашы жана аскердик карым – катнаш куруу чечими 2014 -  жылдын акырларына карай созулууда. Бул чечимдин чыгарылышы ДЕАШтын Түркия чек арасында Түндүк Сирия аймагы болгон Рожавага  жасаган кол салуусунда болду; түрк өкмөтү Түндүк Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун куралдуу күчтөрүнүн Рожавага кириши үчүн Түркиядан өтүшүнө да уруксат берген.

Обама өкмөтүнүн жетекчилери түшүнбөгөн бир нерсе ПЙД/ПКК менен карым  - катнаш куруунун, Түрк  - Америка союздаштыгынын негизги таянычтарынын бирин жок кыла турганына карала турган болсо 30 жашында жана роман жазууну каалаган бирөөнүн президент Обаманын тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси болсо, ортого чыга турган абалда ушул эле.

Бул союздаштыктын эң негизги таянычтарынын бирөөсү болсо Түркиянын  кээ бир саясатчылары аныктама бергендей  - бир «чек аранын ары жагын тең салмактуу абалга алып келүүчүгө» болгон салттык муктаждык.

19 -  кылымдын акырларынан баштап, оболу осмондук, андан кийин да Түркия республикасынын жетекчилери үчүн негизги тынчсыздантуучу санаа осмондук же түрк эгемендигине карата түздөн түз коркутууларга каршы күч түзүлүп,  бир тараптан өзүнчө коркутуу түзбөй турган бир суреп күч союздаш табуу эле.

Түркия акырында мындай союздашты Экинчи дүйнөлүк согушу учурунда АКШны тапты. АКШлык жетекчилер болсо советтер союзу жардамчы болбой тургандыгын жана алар менен узун убакытка созула турган бир саясий күрөштүн  жакын экендигине чечим чыгарган 1946 -  жылга чейин Түркия менен союздаштык түзүүгө көнгөн жок. Советтр союзу менен чек ара коңшу болгон Түркия АКШ үчүн бир «фронттук союздаш» болмок; мындай абалда АКШ Түркиянын чарчап – чаалыккан  армиясын модернизацияламак. Суук согуш процессинде Түркияда көп сандаган АКШ аскери менен жетекчилери бар болсо да Советтер союзу түзгөн чоң коркунуч жана АКШ менен арларындагы кызыкчылыктардын ортодо болушу Түркиянын тынчсызданууларын басаңдатты.

Бул абалдын Суук согуштун аякташынан кийин да өзгөргөн жок. Кыска убакытка күчсүздөнсө да Орусия мурунку үч кылымда болгондой түрк эгемендигине каршы узун мөөнөттүү коркунуч болууну улантмак. АКШ аймактык кагылышууларга  дагы да тереңдеп кирген сайын Түркиядагы комплекстер менен аскердик мүмкүнчүлүктөр турмуштук элемент болууну  улантты.

2014 -  жыл бир бурулуш жери эле.

2014 -  жылдын акырынан бери абал өзгөрдү. Өзгөчө да Москванын (Обама өкмөтүнүн кыймылсыздыгынын айынан) согуш талкалаган Сириядагы аскерлерине карай турган болсок Орусия коркунучунун улантылып жаткандыгында шек жок. Бирок Обама өкмөтүнүн АКШны ПЙД/ПКК менен союздаштыкка түртүүсү, негизги бар болуу себебин Түркиянын жеринин бүтүндүгүн коркута баштаган бир күч менен создаштыкка кирүү деген мааниге келип жаткан. Тактап айтканда Обама өкмөтү түрк эгемендигине карата коркутууга колдоо берүүнү тандады.

Түркиянын турган жеринен карай турган болсок АКШнын ПЙД/ПКК менен түзгөн өнөктөштүгү Вашингтон менен стратегиялык карым  - катнашты улантуунун негизин да бирдей учурда алсыздатып, АКШ жалгыз өзү стратегиялык бир коркунуч болууну тандагандай. АКШнын мындай орунсуз нерсеге кандай түшкөндүгүнө байланыштуу анализ жүргүзүү тарыхчыларга калсын ;биз болсо азырынча төмөнкүдөй анализ жүргүзөлү : АКШны баскан жолунан чыгарган негизги элементтер саясаттын караңгы, жаңылыш маалыматтарга таянган жана чындыктарды көрүүдөн алыс болушу жана АКШ аймактагы өз союздаштарына ишенүүнү каалаган эмес.

Гүлен түрк эгемендиги үчүн да коркунуч

Тилекке каршы АКШнын алысты көрө албаган союздаштыкты тандоосу бир гана ПКК маселеси менен эле чектелип калбайт. 2013 -  жылдын декабрь айынан кийин түрк ички саясатына рационалдуу жана тарапсыз бир көз менен жакындоого аракет кылгандар Фетуллах Гүлен массасынын түрк демократиясына карата коркунуч экендигин түшүнүштү. 2016 -  жылы июль айында болгон ийгиликсиз козголоң кыймылы  - Гүлендин жактоочуларынын түрк армиясынын белгилүү бөлүктөрүн  козголоң кыймылды колдонушу менен  - ансыз да ортодо болгон коркунуч элементине зомбулук менен кылмышты кошкон болду. Башкача айтканда Гүлен уюму түрк коомуна жана Түркиянын демократиялык жолдор менен шайланган саясий лидерлигине карата түздөн түз зомбулукту камтыган коркунуч катары каралышы керек.

Баары билгендей Гүлен 1999 – жылдан бери АКШда жашап жатат. Бул да АКШнын түрк эгемендигине коркунуч туудурган ПЙД/ПКК менен кызматташтык түзүүгө кошумча катары ага карата башка бир коркунучту да ичинде камтыган деген мааниге келүүдө. Бул чындыкка карабастан АКШ Гүленди Түркияга тапшыруу үчүн эч бир так кадамды таштаган жок.

Бул маселенин логикалык жактан карала турган бир жагы дагы бар. Эгерде АКШ түрк эгемендигине карата бир коркунуч менен кызматташтык, башкасына да үй ээлик кылып жаткан болсо анда аскерлеринин Түркияда болушуна да потенциалдуу бир коркунуч катары карай башташыбыз керекпи?  Негизинен мунун андай эместигин айткым келет, бирок мен шайлоо  округунан жана шайлоочулардын өмүрүнөн жана бейкуттугунан жооптуу бир түрк саясатчы эмесмин. Жарандык жана аскердик жактан түрк жетекчилер үчүн акыркы беш жылдын окуялары, АКШнын өлкөдөгү аскерлерине кандай карагандыгы маселесин олуттуу түрдө татаалдаштырды.

Бул акыркы окуялар жана келиши ыктымалдуу болгон сценарийлер адамды  азга болсо да түрк жетекчилер үчүн карала турган болсо логикалык жактан Түркияда жайгаштырылган АКШ аскерлеринин түрк эгемендигине карата бир коркунуч түзүүдө деген жыйынтыкты чыгарат. Бул да мындан мурунку 70 жылдагы абалдын тактап айтканда АКШ күчтөрүнүн түрк эгемендигинин кепили катары түшүнүү сценарийин эми түп тамырынан бери өзгөрттү деген мааниге келүүдө. Адам бул жыйынтыктыкка келгенде, өзүн мындай бир жыйынтыкка алып барган окуялар менен логиканы  түшүнгөндө гана түрк саясатчыларынын жана жарандарынын эмне себептен АКШга ишенбей баштагандыгын жана жакынкы күндөгү АКШ кыймылдарына абдан кыжырдануу менен каршылык көрсөтө баштагандыгын түшүнүүгө даяр абалга келет.

Өзгөргөн стратегиялык перспектива

АКШ эгерде ПЙД/ПКК жана Фетуллах Гүлен массасы экөсү тең түрк эгемендигине түздөн түз коркунуч түзүп жаткан болсо анда Түркия 75 -  жыл мурда тапкан «чек аранын ары жагында тең салмактуулукту түзүүчү» эмес анын ордуна АКШ 19 -  кылымда Британия жана Франциянын ишин аткарган жана Орусия үч кылымдан бери  ичинде болгон «түздөн түз коркунуч» категориясына кадам таштаган болуп көрүнүүдө. Бул актерлор (ал учурларда) осмондуктан жерлерди алуу менен алектенип жаткан.

АКШ Түркия республикасынан да жер бөлүп алууга аракет кылган куралдуу топторго жардам берип жана азыркы учурда түрк мамлекеттик мекемелерине күч колдонуу менен санын көбөйтүү аракетинде болгон диний бир уюмду кармап турган болсо АКШлык жетекчилер эми түрктөрдүн көзүндө 19 -  кылымдын Британиясы, Франциясы жана Орусиясынан айырмасынын жок экендигин түшүнүүлөрү керек. Ошондуктан да жарандарына каршы демократиялык жолдор менен шайланган өкүлдөрү катары түрк саясатчылары же башка бир «чек аранын ары жагында тең салмактуулуктун түзүүчсүн» издейт же маселелерди өз колуна алат. Мунун бир мисалы түрк мамлекетинин заманбап курал чыгаруу тууралуу өзү өзүнө жетүү үчүн акыркы он жылдан бери көрсөткөн абдан олуттуу аракетте болуп жатат. Өткөн жумада түрк куралдуу күчтөрү куралдуу, айдоочусуз кургактык унааларынын ПЙД/ПККны Афринден чыгаруу операциясында колонууга  даяр экендигин жарыялады.

Он тогузунчу кылымдан бери Осмон мамлекети жана Түркия бир гана курал жактан эле эмес, кызматкерлерин тактикалык окутуу жактан да чоң өлчөмдө чет элдик күчтөргө көз каранды болуп келди. Бирок акыркы операцияларда тактап айтканда «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагында» куралдуу дрондор сыяктуу толугу менен түрк Ар – Гесинин ( изилдөө – өнүктүрүү) продукциясы болгон  куралдар колдонулду.

Бирок мындан  да маанилүүсү бул операциялар абдан этияттык менен даярдалып, аткарууга берилгендиктен бир гана жогорку даражада таасирдүү болуу менен эле калбастан абдан аз жарандын каза болушуна себеп болду. Тактап айтканда түрк аскердик пландоочулары жана офицерлери партизандарга каршы согушту жана ал түгүл шаар согушу тууралуу АКШнын азырынча көрсөтө албаган жөндөмдүүлүктөрүн чыгарган болуп жатат. Согуш бүткөндөн кийин түрк жардам кызматкерлери жергиликтүү калктын турмушун жана коомдорун кайрадан кура башташы үчүн тез эле ишке кришип жатышат. Жалпысынан түрктөрдүн чет элдик куралдарга, технологияга жана тактикаларга көз карандылыгы ылдам түрдө азаюуда.

Ошол эле учурда баса белгилей турган нерсе азыркы учурдагы жана мурунку АКШ өкмөтү бул жолду тандоо менен түрк жаран жана аскердик жоопкерчиликтерин ушул багытта кыймыл кылууга түрткөн чечимдерди чыгарган. АКШлык жетекчилер түрк жарандарын жана саясатчыларын АКШнын ишенүүгө боло тургандыгына жана түрк эгемендигине түздөн түз коркунуч туудурбагандыгына көндүрүүнү каалап жаткан болсо башка чечим жана кыймылды жактырышы керек.



Тектеш кабарлар