Хайй бин Йакзан жана Европанын интеллигенттик ой-пикири

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитинде 2018-жылдын 9-мартында  чыккан макаласы.

Хайй бин Йакзан жана Европанын интеллигенттик ой-пикири

Хайй бин Йакзан жана Европанын интеллигенттик ой-пикири

Андалуздук доордогу ислам аалымдарынан бири болгон Ибн Туфайл (1116-1185) философиялык жомогу «Хайй бин Йакзан» менен таанылат, сөздүн толук түшүнүгү менен айтканда бул тема «Тирүү, ойгонгон бирөөнүн уулу» дегенди берет. Исламий интеллектуалдык салттын ичинде кеңири тараган китептерден бири болгон Ибн Туфайлдын бул чыгармасы, 1617-жылы атагы чыккан охфорддук аалым др.Пококенин уулу Эдвард Пококе тарабынан латынчага которулган. Латынча котормонун темасы болгон «Philosophus Autodidactus» (Өзүнчө үйрөнүү философиясы) философтордун жана теологдордун ой жүгүртүүлөрүн муундан муунга чейин ээлеп алган. Бул аңгеменин 17-кылым жана ренесанс доорунда Европанын ой-пикир турмушунун жүрүшүн кандай формаландырганы болсо пикирлердин, диний, маданий жана тилдик чектер аралыгында жол тартуусун сыйкырлоочу үлгү болуп саналат. Таасир жаратуу маселеси менен катар, китеп философиялык өзгөчөлүгүн ушул учурга дейре жоготкон эмес.

Аңгемеге караганда Хайй бин Йакзан, бир аралда өзү жалгыз калат жана аны жейрендер багып өстүрөт. Чоңойгон сайын айланасындагы жаныбарлар менен байланышы болгонун, бирок алардан айырмаланып турганын байкайт. Табиятты байкайт жана нерселерди турган турпатын сактаган принциптерди таба баштайт. Теңирди бардык жашоонун жана билимдин булагы катары түшүнө баштаган сайын, ичинде жашаган дүйнөгө жана аны башкарган табигый жана ахлактуу принциптер тууралуу дагы терең түшүнүктү өнүктүрө баштайт. Өзү тууралуу жасаган бул изилдөөлөр эмитеден өзүн башка жандуулардан айырмалап коет.

Бир күнү коңшу аралдан Абсал аттуу бир киши Хайй жашаган аралга келет жана экөө табият, ахлак жана Теңир жөнүндө сүйлөшө баштайт. Абсул, таң калуу менен өзү мүчө болгон вахийге таянган дин тарабынан үйрөтүлгөн бардык акыйкаттыктарды Хаййдын өзүнөн өзү ойлоп тапканын байкайт. Анын үстүнө Хайй ээ болгон түшүнүк абдан так жана кескин терминдик формага ээ болуп, ушул себептен Абсалдын элинин башты айланткан, аралашма болгон ишеничинен дагы жогору турат. Хайй, Абсалдын аралындагы адамдарга өзүнүн рационалдык түшүнүгүн алып келүүгө аракет кылат. Бирок бул жакшы ниет аракети ийгиликсиз болот. Хайй, адамдардын көбүнүн эгоист, ач көздүк жана сезимдер тарабынан күүлөргөнүн, акыл менен ишеничтин дагы жогорудан жасалган чакырыктарына жооп бербегендерин байкайт. Катардагы адамдар ээ болушкан кемчиликтер жана кулатуучу тренддер менен бетме-бет калтырыла албай турганын байкайт. Адамдардын карым-катнаштарын түшүнүктүү жана тынчтыкчыл түрдө башкара алуулары үчүн аларга бир катар эреже жана тартипке салууну камсыздай турган динге муктаждыктары бар. Адамзаттын абалы тууралуу бир тазалоочу сабактан кийин, Хайй, Абсал менен бирге анын окуучусу катар аралына кайтат.

Хаййдын аңгемесине сереп салуунун абдан көп жолу бар. Эң кызыгы исламий философиянын ушундай эмгегинин Еропада чоң интеллектуалдык толкундоо болуп жаткан бир убакта абдан көп көңүл буруусу эле. 17-кылымдын Европасындагы интеллектуалдык жана академиялык чөйрөлөрдүн эмне үчүн 12-кылымда жашаган,  андалуздук мусулман философ тарабынан жасалган эмгекке эмнеге кызыгышсын?

Хаййдын аңгемесинин дароо популярдуу болушу жана таасиринин туруктуулугу, анын адамзат тууралуу айткан сөздөрү болгон; пикирлерибиздин кандай ортого чыкканы жана себептүүлүк, дин, ахлак жана Теңир сыяктуу терминдерге кандай жеткенибизге байланыштуу болот. Аңгеме сезималдык, байкоо, тажрыйба жана абстракттуу ой жүгүртүүнүн арасындагы карым-катнашка так көз карашты сунуштайт.

Эдвард Пококенин «Philosophus Autodidactus» аттуу котормосу үчүн тандаган темасы, Хаййдын илим, философия жана ахлактын негизги принциптерин өзү жалгыз, тышкарыдан келген бир ублактан же бийликтен ажрдам албастан үйрөнгөнүн ансыз деле алдыга коет. Аңгеме акылдын тышкарыдан жардам албастан да табияттын жана диндин акыйкаттыгын таба ала турганын баяндайт. Вахийге таянган диндин үйрөткөнү менен жардам албаган адамдын акылынын өзүнөн өзү тапканы бири-бирине шайкеш келет жана бири-бирин толуктайт. Акыл үчүн дагы ишеним үчүн дагы маселе жараткан болсо эгоисттик жана баш айлануу болуп саналат. Хаййдын табият, акыл жана Теңир туурасындагы аргументтери жана ишеничтери, имандын шарттары менен күчтөндүрүлгөн. Фидеизм мындайча айтканда бир гана ыйман менен тууралоо, жарактуу ой калчоо болбойт, бирок киши акыйкатты дагы терең түшүнүк менен билгиси келсе акылын колдонууга мажбур.

Хаййдын өз терминдик ой-жүгүртүү формасына кантип жеткени, 17-кылымда акыл, тажрыйба жана тубаса ээ болгон пикирлер ой-түшүнүгү туурасында талкуулар өзгөчө маанилүү. Декарттын тескерисинче Хаййдын тубаса ээ болгон эч бир пикири жок, аалам жана ахлак туурасындагы өзүнүн абстракттуу жана дүйнөлүк терминдерин, байкоо жана таразалап тартууга таянып пайда кылган. Г.А.Руссел тарабынан даярдалып 1993-жылы басмадан чыккан «17-кылымдагы Англиянын табият философторунун арабчага кызыгуусу» аттуу илимий журналда жарыяланган бир мазмуну буга көңүл бурат; «Долбоорлоо муну көрсөтүп турат, төмөндөгү нерселердин ойлонуусунан кантип, акылдын туура колдонулушу менен адам өзүн дагы улуу нерселердин маалыматына жогорулата алат […] анын артынан табияттагы нерселердин жана ахлактык, диний, ж.б. болгондун маалыматына».

Бул жогорудагы үзүндү Хаййдын көз карандысыз акыл-эсине жасалган сереп салуудан көп тубаса келген пикирлер тууралуу Картезиендин терминдештирүүлөрү мажбурдуулук катары колдонула электе адам акылынын акыйкаттыкты табуу темасындагы табигый жөндөмдүүлүгүн тастыктоодо. Локктун бош көрнөк катары адамдын аң-сезим терминин тастыктаганы үчүн, Локкту ээрчүүчүлөр чыгарылган бул жыйынтыкка таң калышмак.

Андан да көбү, жашаган доорунун эң атактуу философу болгон Локк, балким Ибн Туфайлдын «Philosophus Autodidactus» аттуу чыгармасын окуду бекен?

Учурдагы далилдер канчалык кыйыр болсо дагы Локктун китебинин котормосунан кабардар болгонун көрсөтүүдө. Китеп, ал мезгилде Локктун да орун алган Охфорддо басылып чыккан; китепти көрбөй калуусу мүмкүн эмес. Китептин арткан популярдуулугу, Локк сыяктуу бирөөнүн көз жаздымда калтырылышын мүмкүн эместей кылган. Андан да маанилүүсү Локктун 1686-жылы макала жана тажрыйбаларын жарыялаган журнал «Philosophus Autodidactus» чыгармасынын кеңири мазмунун да жарыялаган.

Локктун интеллектуалдык жана коомдук жолунун«Philosophus Autodidactus» менен кесилишкен жерлерден бирөө да 17-кылымда Куакерлер арачылыгы менен болгон. Куакеризмдин алдыңкы эки ысымы Жорж Кейт жана Роберт Берклей, Ибн Туфайлдын философиялык жомогунун Европанын интеллектуалдык чөйрөсүндө жайылуусунда чоң роль ойношкон. Кейт китеби, Хаййдын аңегемси, христиандыктын ыйык китебинен жардам албастан алына турган жеке кишилик сыноонун христиандар тарабынан түшүнүлүшүнө, балким жардамчы болот деген үмүт менен Пококенин латынча котормосунан 1674-жылы англис тилине которулду. Хаййдан Берклейдин «Apologia» аттуу чыгармасында, «Ыйык тексттердин арачылыгы болбостон ички нурду сынап көрүүнүн» эң сонун мисалы катары сөз кылынган. Локктун Куакерлерден канчалык айырмаланган жерлери болсо дагы «акылдын ички нурдун алдыңкылыгы жана үстөмдүгү» жагынан экөөнүн тең бирдей пикирде болгону көрүнөт. Мына ушул себептен Кейт, Берклей жана башкалары Ибн Туфайлдын жомоктоурнан бир Куакер аңгемесин чыгарууга аракет кылышкан.

Хаййдын аңгемесинин 17-кылымдын Европасында жашаган философ жана теология чөйрөлөрү тарабынан ар башка түрдө жорумдалышы, китептин көп багыттуулугу сыяктуу убакыттын бири-бири менен атаандашкан тренддерин да чагылдырганын көрсөтүүдө. Ибн Туфайл, Деист, Куакер же Локк сыяктуу ампирик эмес эле. Бирок европалык интеллигенттерге акыл жана байкоо салуу боюнча өзгөргөн тезистерин жактоолрру үчүн абдан көп булакты түзүп берген.

Муну менен бирге ошондой эле өз чыгармасы, исламий интеллектуалдык салтынын эң туруктуу темаларынан бири болгон акыл жана ишеничтин, бири-бири менен карама-каршы келүүнүн ордуна, бири-бирилеринин толуктоочусу болгонунун чындыгын ырастоого аракет кылат. Ибн Туфайл, философ, доктур жана суфизм менен байланышы болгон мамлекетке кызмат кылган киши катары, каалоо жана ач көздүк менен булганбаган акылдын туура колдонулушунун, табиятак таандык жана диний чындыктардын табылышына жол ачканын, анткени каалсаң адамзатка каалсаң табиятка таандяык болсун жаралуунун жана маалыматтын булагынын бир жана окшош болгонун айтат. Айрыкча эң оболу философиялык же мистикалык ыкма менен жетиле турган жер болгон, нерселердин акыйкаттыгына жетүүдө, жеке кишилик тажрыйбасынын маанисин баса белгилейт аңгемеси. Бардык жагдайда акыйкаттык жолун тарткан киши мунун жеке кишилик жол тартуу болгонун жана олуттуу даярдык көрүү керектигин билиши керек. Хаййдын аңгемесинин бул жагынын акыйкаттыктын жеке киши катары сыналышын рухбан авторитетинен жогору кармаган Куакерлерге  кайрылганын көрүү таң калтырбайт.

Ибн Туфайлдын бул негизги чыгармасы кылымдар мурда болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да актуалдуулугун коргоодо. Жана туруктуу мурасты да негизги билдирүүсүнүн далили; бизге бирден белек катары берилген акыл, ишенич, түшүнүк жана ырайымдуулук менен эмне кылганыбыз баарынан дагы маанилүү.



Тектеш кабарлар