Кутубузга кат келди-8

Кутубузга келген азил-тамашалуу эскермени тартуулайбыз.

Кутубузга кат келди-8

Урматтуу окурмандар, мурдагы программаларыбызда белгилегенибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Анда , бүгүнкү программабызды баштасак, Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга  КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордун арасынан Биринчи радионун  кызматкери Сайра Батыркулова жана Кыргыз радиосунун кызматкери Жаныбек Эсеналиев болуп келишкен. Бүгүн Сайра айымдын эскерме-аңгемесине орун беребиз.

“2014 жылдын сентябрь айында Түркиянын Анкара шаарына  кызматтык тажыйырба алмашууга бармай болдум.   Жетекчибиз Кайрат Иманалиев кабинетине  чакырып «Биринчи радиодон » мен , «Кыргыз радиосунан» кесиптешим Жаныбек Эсеналиев барарын айтып, ак жол каалап   керектүү кеп кеңешин  берди.   Ошентип деңиздин ары жагындагы  тарыхы бай  өлкөгө ,Түркияга  сапарга  даярдана баштадым. Негедир  биринчи жолу  бара жаткан менен эч нерседен кооптонгон жокмун  себеби  мага  чейин бир топ кесиптештер барып келишкен.  Алардын айтып бергендеринен улам  керектүү  жагдайларды эске түйүп, ал турсун түрк тилинде учурашууну, айрым сөздөрдү жаттап,  интернет аркылуу  бара турган өлкө тууралуу да маалыматтарды окудум. Билетти колго алып сапарлашым Жаныбек Эсеналиев экөөбүз аэрапорттон жолукмак болдук.  Биздин рейс түнкү экиде экен.  Болжогон убакытта  чемоданды көтөрүп  аэрапорттон кесиптешимди күтүп калдым.  Жаныбек жалгыз келеген жок.  Белгилүү акын Мирлан Самыйкожо,  төкмө акын Азамат Болгонбаев баштаган , шарактаган Кыргыз радиосунун жаштары коштоп келген экен. Бир топко күлкү шаң ортобузду толтуруп убактыбыз жеткенде узатуучу топ менен коштошуп , сүрөткө түшүп анан каттоо жайына бет алдык.    Паспорт, билеттерибизди алган кыз «Стамбулдан  Анкарага учаарда жүгүңүздөрдү алып алыңыздар»  –деп эскертти.   А бизге жумуштан билетти берээрде  жүгүңөрдү  транзит десеңер Анкарга чейин  барат дешкен эле. А бирок белгисиз себептер менен жүгүбүздү Стамбулдан алышыбыз керек экен. Ошентип  Стамбул-Бишкек аба каттамындагы Түрк аба жолдорунун учагына  отурдук.  Европалык жашы 70терден ашкан айым да биздин жаныбыздан орун алды.   Жаныбекти мен 2001-жылдан   «Нур-борбор» чыгармачыл жаштардын  бирикмесинен бери билет элем.  Ичинде кири жок, ак көңүл, кичи пейил жигит. Биз асманга  көтөрүлгөндөн бир топ убакыт өткөндөн кийин  сүйрөмөсүнө   суусундук жүктөгөн стюардессалар учактын ортосунан   биз тарапты карай келе жатты. Жаныбызга келгенде алгач түркчө анан англис тилинде бизге бирдеме деди. Кыязы кандай суу ичесиздер деп сурады окшойт. Биз эч нерсе деп жооп бере алган жокпуз. Тангала тиктеген кыз сүйрөмөсүн түртүп жылып калганда   жанатан суусап турган Жаныбек шашып кетти окшойт колун созуп апельсин ширесин сөөмөй менен сайгылап ичем деп ишаарат кылды.  Өзүнө алгандан кийин мени көрсөтүп мага да суу алып берди. Экөөбүз анын эпчилдигине бир топко күлдүк. Бул биздин тил билбегенибиздин биринчи түйшүгү болду.  Чыгыштан аткан таңды асмандан көрүү керемет экен. Чоң апамдын  ак буласындай түрмөктөлгөн булуттар, караңгылыкты сүргөн таңкы шоокум анан  алтын түстүү  күн шооласы. Кою түндү көзөп өтүп биз отурган учак  таңкы сегиздерде   Стамбулга конду. Биз эми Анкарага учушубуз керек .Ал үчүн болгону 45 мүнөттүк убактыбыз бар. Шашыш керек.  Бирок жүгүбүздү кайдан алабыз Анкарага кантип учабыз  …  Эл аралык «Ататүрк» аэропорту чоң адашып кетпегиле деп мурда баргандар Жаныбекке басчу жолду бурулуштарына чейин санап чийип беришкен экен. Негизи Жаныбек ар ишке так  камбыл экенин мурунтан билген үчүн бул жагдайды да эске алганына ичимден ыраазы болдум.    Бирок баары биз ойлогондой оңой эмес экенин имараттын ичине киргенде түшүндүк.   Текшерүүдөн өттүк.  Кошо учуп барган кыргыз кыздын жардамы менен  чемодандарыбызды алдык.   Эми Анкарага учуу үчүн каттоодон өтүшүбүз керек, бирок кай жака басабыз? Кимден сурайбыз? Жоопсуз суроо көбөйүп белгисиздиктен улам ичимден бушайман боло баштадым.  Жаныбекти карасам атайын форма кийген   аэропорт кызматкерине  барып эки колун жайып  «Анкара, Анкара » деп түшүндүрүп  жатыптыр. Олбурлуу кара киши   күлүмсүрөп   бирдемелерди айтып колун түз анан оңго жаңсады.    Улам колундагы саатты карап  шашкалактаган Жаныбек  мага бол дегендей ишаарат кылып аңтандап алдыга жөнөдү. Менин чемоданым аныкынан көлөмдүүрөк эле  караанын жоготуп албайын деп артынан баратам.   Жолдон форма кийген кызматкер көрсө эле эки колун канаттай жайып «Анкара,Анкара», деп алактаган   кесиптешим  эми колундагы саатын көрсөтүп , алаканын жайып  «Каякта ,каякта? Анкара, Анкара! »  деп сурай баштады. Байкасам демейде дегеле орусча сүйлөбөсөк да жаныбыз кыйналганда орусча сүйлөп кириптирбиз.  Самолет,  Анкара ,опаздываю , где, где?-  деп, атып  акыры каттоо жайына жеттик .  Кашайып киши көп экен.  Жаноп улутундагы 20 чакты кишинин артынан кезек алдык.   10 мүнөт калды  япондор дегеле жылбайт. Эпчил Жаныбек эми  жүгүн мага карматып коюп алдындагы бою кичинекей айымды ийинге таптап өзүн каратып алып  жанагындай саатын көрсөтүп , канатын жайып «Анкара ,Анкара » деп түшүндүрүп кирди . Андан өттү эми кийинкисине анан андан алдынкысына орусча кыргызча аралаштырып Анкара, Анкара деп атып  жүргүнчүлөрдү каттаган кызга жетти. Эмне жагдай чыкты билбейм ал кыз тейлебей башка кызматкерди чакырды анысы дагы башкасын чакырды өз ара бирдемелерди сүйлөшүп дагы башкасын чакырышты  10-15 мүнөт  акылдашкандан кийин паспортубузга кошуп колубузга билет карматышты. Кыязы рейсибизден кечиккендиктен кийинкисине салууну акылдашышкан окшойт  саатты карасак  тогузга жакындап калыптыр. Сентябрь айы, Стамбул,  күн ысык. Костюмчан Жаныбек. Мен анын алка шалка тердегенин эми байкадым. Учакка жетип орун алгандан кийин  ох деп анан бири-бирибизди карап алып  каткырдык.  Бир сааттан кийин  Анкарага кондук. Бул жерден бизди “Түркия үнү” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Алмазбек Асамбаев агайыбыз тосуп алмак. Бирок биз эки саатка кечигип келдик. Канча болсо  да чыга бериште күткүлө деп  мурда келгендер аябай эле эскертишкен ага карабай шашма кесиптешим   айтканыма көнбөй бир аз күткөндөн кийин эле  сыртты көздөй жөнөдү.  Кантсе да Стамбулдан адаштырбай алып келбедиби анын үстүнө эркек эмеспи талашпай бара берейин деп дагы артынан жөнөдүм.  Сыртта беш он мүнөт тургандан кийин кайра башка жагынан ичине кирдик.Биринчи кабатты айланып анан экинчиге чыктык анан үчүнчү кабатка чыктык колубузда сүйрөгөн чемодандар. Бир жерде күтөлү дегенге  көнбөй өзүнүкүн бербеген  Жаныбек эми телефон таап бизди тоскон агайга чалмак болду. Телефонго атайын карта сатып алыш керек экен .  Эртеден бери  чемодан сүйрөп чарчаган  түрүмдү көрүп аяды окшойт  мага жүктөрдү кайтартып коюп өзү телефонго карта сатып алууга кетти.    Чала орусча сүйлөгөн түрк жигитине   түшүндүрүп атып телефонго карта сатып келген менен  баарыбир аны эптей алган жок.  Акыркы үмүт акталбай калды . Бөтөн эл бөтөн жердебиз. Кайда бараарыбызды билбейбиз.Тил билбейбиз. Күткөн киши көрүнбөйт. Конгонубузга эки саат болду.  Деги ким күтүт эле?...  Сүрөтүн көрдүң беле тааныйсынбы деп бири-бирибизден сурап коебуз.  Ары- бери чуркап  чарчаган Жаныбек айласы кеткендей акыры ,   баягы чыга бериштен күтөлү- дегениме макул болуп жүгүбүздү сүйрөп жөнөп калдык. Тепкичтен ылдый түшүп баратканда биз тарапты көздөй келаткан   кыргыз көрдүк.

- Алмаз байке го-….. энтеңдеп жетип бардык. Оо андагы сүйүнгөнүбүздү сөз менен айтып жеткире албайм.  Караңгыда күн тапкандай эле болгонбуз. Агайыбыз да төрт саатан бери бизди күтүп , издеп ,аябай чарчаган экен . Акыркы жолу бир карап келип   кетейин деп аткам дейт. Бизди күткөн унаага түшүп анан ТРТны көздөй сапар алдык». Сайра Батыркулова

Эми буга өзүмдүн окуямды кошо кетпесем кем болуп калабы дейм. Мен Анкарадагы «Эсенбога» аэропортуна барып аларды бир топко күткөндөн кийин кыжалат боло баштадым. Алар келе турчу учак эбак конгон. Бирок алар жок. Балким чемодандарды келбей күтүп калышты го деп дагы бир топко күтүп турдум дагы деле жок. Күзөтчү кызматкерден кирип карап чыксам болобу?-деп сурасам уруксат бербей койду. Аэропорттун ички каттамы менен тышкы каттамынын чыга бериши эки жакта болгондуктан балким ички каттамдан чыгып кетпесин деп ал жакка бардым, жок. Мен ал жакка кеткенде бул жактан чыгып кетпесин деп кайра жүгүргөн бойдон тышкы каттамга келдим, дагы деле жок. Кайра ички каттамдарга барып алардын атын кызматкерге берип анонс кылгыла дейин десем кычашып ошол убакта микрофону бузук экен. Оңдолгондо анонс кылабыз дешти. Макул деп аттарын жазып берип кайра издемейге өттүм. Ошентип аэропрттун элдер чыкчу кабатын эки үч ирет айланып жибердим. Анан булар Стамбулда адашып Анкарага кетчү учакты тапппай калышты го деген ой келди. Ошонтип КТРКнын башкы директорунун радио тармагы боюнча орун басары Кайрат Иманалиевге телефон чалдым. Бүгүн жиберген кишилериңер келген жок. Аэропортто күткөнүмө 3-4 саат болуп кетти дедим. Ал киши да кабатырланып Стамбулдагы тааныш ишкер Айбек Сарыгуловго чала баштаптыр. Айбек Сарыгуловдун фирмасы жүк ташуу боюнча болгондуктан аэропортко кирип чыгуучу карточкасы бар эле. Ал кишиден аэропорттун ичин карап бериңиз деген өтүнүч менен кайрылыптыр. Ал ортодо КТРКга Жаныбек менен Сайра жоголду деген маалымат жайылып, өзүнчө дуулдай башташыптыр. Дагы бир жолу айланып келейинчи тышка чыгып кетишпесин деп тышка чыгып, бир кызматкерден сурасам. Бир эрке менен аял чемодандары менен телефон чалабыз деп өйдө кетишкен деди. Мен да дароо экинчи кабатка баратсам, эки кыргыз эскалатордон ылдый түшүп баратышыптыр. Ушулар болуш керек деп алардын артынан эскалатордон түшө баштадым. Бир оокумда Жаныбек бурула калып Алмаз байке сизсизби? деп бакырып жиберди. Ооба менмин дегичекти болбой Жаныбек кучактады да калды...

“Анкарадан алган таасирлер , тарыхый жайларга болгон жүрүш ,бир ай ичиндеги жакшы күндөр , тажрыйба алмашуу,  анан Алмаз агайыбыздын адамкерчилиги,   кең пейилдиги  тууралуу баарын тизмектеп айтууга убакыт жетпес.  Анкара Анкара сапарынан  Кыргызстанга келгенден кийин   КТРКда түрк тилин үйрөткөн курс ачылып  мен да бардым.  Кесиптешим Жаныбек экөөбүз азыр да чогу иштеп жатабыз. Алмаз агайыбыз менен болсо интернет аркылуу байланышып турабыз.  Анкара , Анкара , жумушчу сапар   эстеген сайын дайыма жүзүмдө жылмаю тартуулайт”-деп жазган Сайра Батыркулова эскерме-аңгемесинин уландысын кийинки бөлүмдөрүбүздө уланта турганын жазыптыр...Кийинки бөлүмдөрүбүздө дагы кызыктуу уландысын тартуулайбыз... 



Тектеш кабарлар