Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-2

Түрк дүйнөсүнүн белгилүү жазуучу жана акындарынын чыгармаларын таанытуучу программа.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-2

Урматтуу  китеп күйөрмандары, биз, “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышын сиздер үчүн даярдап, өзгөчө китеп коллекциясын топтодук.       

Бүгүнкү чыгарылышыбызда Азербайжан элинин чыгаан жазуучусу Анар Рызаевдин “Назым Хикмет Керем сыяктуу” аттуу китеби менен тааныша аласыздар. Бул китеп оболу Азербайжанда басылган. Кийин түркчөгө которулуп, 358 беттен турган китеп болуп 2009-жылы “Бенгү” басмаканасынан чыгат. Алгач кыскача Анар Рызаев ким экендиги жөнүндө жана китепте жазылган, дүйнөгө таанымал Назым Хикмет аттуу жазуучунун таржымалынан кеп кылмакчыбыз.

        Кадырлуу угармандар, Азербайжан эл жазуучусу, Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Рызаев совет доорундагы жазуучулардын алтымышынчы жылдары чыккан атактуу муунунан. Атасы Расул Рыза жана апасы Нигар Азербайжандын таанымал жазуучу акындарынан болгон. Анар, Түрк дүйнөсүндөгү азыркы учурдагы дүйнөгө белгилүү жазуучулардан. Чоң драматург, киноценарист. Ошондой эле мыкты публицист. Түрк дүйнөсү боюнча абдан көп жазган. Анар эне-атасынан өзгөчөлөнүп проза жанрын тандап алган. Анын “Коркут Ата”, “Мен, сен, ал жана телефон”, “Күн өттү” жана башка көптөгөн кеңири белгилүү чыгармалары бар. Чыгармалары бир топ тилдерге которулган. Ошондой чыгармаларынан бирөөсү түркиялык акын Назым Хикметти баяндап жазган “Назым Хикмет Керем сыяктуу” аттуу чыгармасы аталат. Атасы Расул Рызанын досу Назым Хикметти бала кезинен бери көрүп билген Анар, Түркияда тескери көз караш менен кабыл алынган Назымдын жактоочусу катары бул китебин жазган.

SİNYAL      Түрк акыны, коомдук ишмер, ак сөөк үй-бүлөдөн чыккан Назым Хикмет, түрк поэзиясынын жаңы түрүнүн куруучуларынан. Ал түрк поэзиясынын мазмуну менен формасын түп тамыры менен жаңылаган. Ыргакка сыйбаган эркин ыр түрүн жазган. Анын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, көзүнүн тирүүсүндө эле “улуу акын” аталган. Акын 1902-жылы улуу Ататүрктүн да туулган жери болгон Селаник шаарында жарык дүйнөгө келип, 1963-жылдын 3-июнунда Москвада көз жумган. Анын ырлары 1917-жылы жарык көрө баштаган. 1921-жылы СССРге келип, чыгыш элдеринин коммунисттик университетинде окуган. 1924-жылы Туркияга кайтып, революциячыл гезит-журналдарга иштей баштаган. Тунгуч ырлар жыйнагы Бакудан жарык көргөн. Назым өз өмүр баянын кыска түрүндө ыр менен төмөнкүдөй туюнтат:

                                       Өзүм 1902-жылы төрөлдүм,

                                       Туулган шаарымды экинчи ирээт көрбөдүм

                                      Үч жашымда Халепте Пааша тукуму болуп,

                                      Он тогузумда Москавада коммунист окуусуна жөнөдүм,

                                      Жана да он төртүмөн бери ырчылык менен алектенүүдөмүн.

Акын өз өмүр баянын ыр менен кыскача туюнтса да, бул китепте анын кылымга тете өмүрүн жана идеялык күрөшүнүн түпкү тамырын баяндап берет автор. Анын татаал тагдырын жана эмне себептен өз мекенинен качып бөтөн жерди жай кылганын тизмектеп түшүндүрөт. Назым Түркияда революциячыл чыгармалары үчүн көп жолу түрмөгө түшүп, 1938-жылы 28 жылга кесилген. Өмүрүнүн 17 жылын түрмөдө өткөргөн. Дүйнө элинин кысымы менен 1950-жылы камактан бошотулуп, бир жылдан кийин кайра камакка отурарда СССРге качып, өмүрүнүн акырына чейин Москвада жашаган.

Учурунда Түркиядан куулуп “эл душманы” аталса да, бүтүндөй дүйнө анын тарабында турган. Ырын дүйнө тааныган. Автор, ошол учурдун улуу “Ленин” сыйлыгы менен “Нобель” cыйлыгынан да жогорку сыйлыкка татыктуу экенин жазат. Анткени “Нобель” сыйлыгын алган айрым жазуучулардын оюу дагы ошондой эле. Шилиден Нобель сыйлыгын алган акын жазуучу Пабло Неруда учурунда журналист Зекеря Сертелге “Назымды колдогула, биз анын жанында акын деп да аталбайбыз” деген экен. Дагы канчалаган дүйнөлүк адабият устаттары Назым жөнүндө жана анын чыгармачылыгы жөнүндө пикирлерин айтып өтүшкөн. Автор, Назымдын төңкөрүшчүл кыймыл-аракетинин, пикирлеринин себеби ошол учурдун капиталисттик системага карата экенин жазат. Анткени Назым ошол учурдагы Түркияда жашаган коомчулуктун кыйынчылыктарын өз көзү менен көрөт. Жылаңайлак-жылаңбаш, ачкачылыкта жашаган элине боору ачыйт. Жана пикирин таамай айтканынан улам камакка алынат. СССРге келгенден бери өзүн коммунист деп эсептейт. Бирок көп өтпөй социалистик системанын да чыныгы жүзүн көрөт. Көптөгөн күнөөсүз кишилердин сүргүнгө айдалганын, көбүнүн репрессияга учураганын көрүп абдан капа болот. Жашоосундагы мына ушундай кырдаалдар Назымды улуу акын кылып бышырат. СССРдин ичинде жашаган түрк тилдүү элдерге ошол учурдун режимине карабастан, жыйналыштарда “Мен түркмүн, силер да түрк тукумусуңар, жан-дүйнөбүз, үрп-адатыбыз бир, элибиз тууган, тилибиз бир” деп ачык айта алган.   

Назым Хикметтин ырлары түрк тилдүү элдердин адабиятында которулуп, окурмандарынын жан-дүйнөсүнөн түнөк тапкан. Кыргыз тилине ыраматлык Салижан Жигитов агайыбыз тарабынан бир топ ыры которулган. Улуу акындын бир арманы бар эле. Ал өмүр бою ата журтун сагынып өттү. Ата журтуна болгон сагынычын, кусалыгын төмөндөгү “Ата журт” аттуу ырынан байкай алабыз.

Ата Журтум, Ата Журтум, Ата Журтум!

Калбады сенде кийген баш кийимимен.

Өлчөгөн жолдоруңду бут киймимен.

Мен сенден кийип чыккан бешмантым да,

эскирди, дал-дал кетти, түштү ийнимен.

Сен эми калдың жалаң

Чачтарымдын актарында,

Жүрөгүмдүн инфаркында

Маңдайымдын бырышында

Ата Журтум, Ата Журтум, Ата Журтум!

Урматтуу китеп күйөрмандары, Назым Хикметти бир программага сыйдырып түшүндүрүш кыйын. Назым Хикметтин өмүр баяны жана пикирлери тууралуу кеңири маалымат алгыныз келсе, анда Анар Рызаевдин “Назым Хикмет Керем сыяктуу” аттуу китебин окуп чыгууну сунуш кылабыз. Бүгүнкү күндө Назым Хикметтин Түркияда эстеликтери коюлуп, чыгармалары аздектелип окулат.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар