Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-3

Анардын дүйнөсү

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-3

Урматтуу  китеп күйөрмандары, биз, “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышын сиздер үчүн даярдап, өзгөчө китеп коллекциясын топтодук.       

Бүгүнкү чыгарылышыбызды Азербайжан адабиятынан алынган чыгарма менен улантмакчыбыз. Бул жолу Азербайжан элинин чыгаан жазуучусу Анар Рызаевдин өмүр-баянын жана анын чыгармачылыгын камтыган, Первин аттуу жаш жазуучу айымдын калеминен чыккан “Анардын дүйнөсү” китебинен кеп кылабыз.

 Кадырлуу окурмандар, программабыздын өткөн чыгарылышында да айтып өткөндөй, Азербайжан эл жазуучусу, Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Рызаев совет доорундагы жазуучулардын алтымышынчы жылдары чыккан атактуу муунунан. Кыргыздын Чынгызы дүйнө адабиятында кандай таанымал болсо, Азербайжан элинин Анары ошондой дүйнөгө таанымал зат. Анын көптөгөн белгилүү эмгектери бар. “Анардын дүйнөсү” аттуу бул китепте анын чыгармачыл ата-энесинен, алардын чыгармаларынан, ошол учурдун турмушунан кеңири маалымат берет. Андан соң жазуучу Первин айым Анардын чыгармаларын талдайт, Анардын жашоо-турмушунан, эмгек жолунан, ал боюнча айтылган башкалардын пикиринен кабар берет китебинде. Эскерте кетсек, Анардын атасы Расул Рыза да апасы Нигар Рефибейли да Азербайжандын мыкты акын-жазуучуларынан болгон. Анар өзүнүн репортаждарынын биринде, бир үйгө эки акын гана жетет. Үчүнчүсү ашыкча, ошондуктан проза жаатын тандадым деп айтканы бар. Дагы бир репортажында Түркияга кантип таанылганын мына мындайча баяндайт: “Эгер Чынгыз Айтматов чыгармаларын орусча жазбаганда дүйнөгө таанылбайт эле. Анын чыгармасын батыш адабияты орус тилинен которуп, андан ал тилдерден түркчөгө которулуп келген. Менин жолум дагы ошондой болду. Эгер биз батыштан таанылып келбесек анда мынчалык белгилүү жазуучу болбой калмак белек. Анда да болмокпуз, бирок тар чөйрөдө” деп айткан.

Улуу жазуучу Анар жалгыз гана адабий чыгармачылыгы менен чектелбеген. Китептин автору Первин айымдын айтуусу боюнча Анар энциклопедиялык билимге ээ болгон интеллект. Аны жөн гана жазуучу деп айтыш аз болоор. Анар болгон турпаты менен Азербайжандын таанытуучусу, элинин жүзү, Азери элинин улуттук руханий байлыгын келекке ташуучусу, эли-жеринин эркиндиги үчүн тайманбас жоокер жана саясий иш-чараларды да жөнгө салган ишмер. Же болбосо мекенин сүйгөн Азербайжандын жөн гана бир атуулу. Ал Азербайжан Телерадио Корпорациясынын башкаруучусу, он алты жылдан бери аркалаган Жазуучулар союзунун башчысы, ошол эле учурда Азербайжан Парламентинин депутаты жана Азербайжан-Түркия Достук комиссиясынын башчылык кызматтарын өтөгөн жана өтөп келет.

               Анар түрк дүйнөсүндө Айтматовдой кеңири таанымал жазуучу. Өз элинен чыгып түрк дүйнөсүн бириктирген анын чыгармалары, репортаждары, иш-чаралары көп. Ал бүгүнкү Азербайжан адабиятынын башында турган аксакал. Анын дагы бир өнөрү мыкты сценарист болгон. Телерадио, театр, басма сөз жаатында эмгектенип булардын өнүгүшүнө чоң салым кошкон киши.

               Ал бир түрколог. Эски СССРдин ичиндеги түрк элдеринде азыр популярдуу темалардан бири болгон латын алфавитине өтүү маселесин чечкен эң биринчи Азербайжан эли болгон. Мына ошол алфавит маселесин чечүүдө да Анардын кошкон салымы чоң.

               Ал ыр да жазган. Анын бир ыр сабында мындай дейт, “Бул ким кагат эшикти / Шамалбы же ажалбы”. Мына ушул сыяктуу терең философиялык ойду камтыган, маани-маңызы бай ыр саптарын жараткан. “Анардын дүйнөсү” китеби мына ушундай көп кырдуу чыгармачыл жазуучунун жан дүйнөсүн баяндап берет.

               Анардын чыгармаларын талдаган адабий сынчылар, анын ар бир сөзү таразаланган деп айтышат. Эне-атасынын жаркын элесине арнап жазган “Сизсиз” аттуу чыгармасы менен эне-ата жана бала ортосундагы бекем байланышты таасын түшүндүрөт. Бул чыгармасында Анардын ата-энеге болгон кусалыгы сезилет.

               Анын “Молдо Насирдин-66”, “Өткөн жылдын акыркы түнү”, “Дантенин туулган күнү”, “Мүмкүнчүлүк”, “Отелдин бөлмөсү”, “Мен, сен, ал жана телефон”, “Коркут ата” аттуу чыгармалары элге кеңири таанымал. Анар түрк дүйнөсү боюнча көп жазган. Ошондой эле дүйнөлүк маселелер боюнча да пикирлерин айткан улуу акылман. Анардын китептери отуздан ашуун тилге которулган. Анын ичинде түркчө, өзбекче жана казакчага которулган чыгармаларын таба аласыздар. Ал эми кыргызчага жакында которулат деген үмүттөбүз. Азербайжанга жасаган айтып бүткүс эмгектери үчүн 1975-жылында “Мамлекеттик Санатчы” наамын алып, 1980-жылда Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн.

               “Анардын дүйнөсү” аттуу бул китептин дагы бир кызыктуу жери, китептин аягында Анардын, жазуучу Первин айымга арнаган “Первиндин дүйнөсү” аттуу макаласы да орун алган. Бул жазуусу менен анын адамкерчилигинин жогорку сапатын байкоого болот.         

Урматтуу китеп күйөрмандары, Азербайжан элин тааныткан Анардын чыгармаларынан кабардар болгунуз келсе анда Первин айымдын “Анардын дүйнөсү” аттуу китебин сунуш кылабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар