Түрк басма сөзү-12.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-12.10.2017

«Йени шафак» гезити «АКШ виза кризисин чечиш үчүн иш-аракетин баштады, делегация жиберет» аттуу маалыматында АКШнын Мамлекеттик департаментинен бир делегациянын виза кризисине тиешелүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн алдыбыздагы аптада Түркияга келе турганы айтылганын жазган. АКШнын Мамлекеттик департаментинин жооптуу кызматкерлери делегацияны АКШнын Мамлекеттик катчысынын кеңешчи орун басары Жонатан Коэн жетекчилик кыла турганын белгилешти. АКШнын Элчилиги жекшемби күнү кечинде Твиттер эсебинен Түркияга визалардын  токтотулганын жарыялаган, АКШдагы Түркиянын Элчилиги да ошондой эле шарттагы принциптин алкагында ошондой эле текст менен АКШга визалардын жоюлганын ошондой эле түрдө Твиттерден жарыялаган. Президент Режеп Таййип Эрдоган, бул жооптун берилиши тууралуу буйрукту өзүнүн бергенин айткан. АКШнын Башкы консулудугунда иштеген бир киши Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен байланышы белгиленгени айтымы менен кармалып, сотто камакка алынган.

«Стар» гезити «Түркия Жер Ортолук деңизден үмүттүү, алгачкы терең бургулоо 2018-жылы болот» деген маалыматында Антальядагы Энергетика саммитинде суроолорго жооп берген энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын мунай зат жана мунай газда алгачкы терең бургулоонун 2018-жылдын башында Жер Ортоук деңизде боло турганын айтканын баяндаган. Албайрак «Жер Ортолук деңизден абдан үмүттөнүп жатабыз»,-деди. Жер Ортолук деңиздеги бургулоо иштери менен эбегейсиз наркка ээ боло тургандарын баса белгилеген Албайрак, Түркиянын үстүңкү лигага чыгышы үчүн энергия боюнча тышка көз карандылыктын азайтылышы орчундуу мааниге ээ экенин баса белгиледи.

 «Сабах» гезити «Террор тилкесине 4 операция» аттуу маалыматында Түркиянын Ирак жана Сириянын түндүгүндө террор тилкесин куруу оюнуна каршы ишке ашыра турган узун мөөнөттүү аскердик планынын кеңириси мындай; Хатай-Рейханлы чек ара сызыгынан алдыңкы бөлүк катары Идлибге кирген Эркин Сирия армиясы менен Түрк аскерлеринин алгачкы жете турган багыты Идлибдин түндүгүндөгү Дар та Иззах болоорун белгилеген. Кыймыл планында алгачкы бута болгон Идлибдеги  террорист элементтердин тазаланышы үчүн «шыпыруу операциясы»  бул жерден башкарылат. Идлибдин террордон тазаланышы менен Идлиб-Дар та Иззах багыты, түзүлүүсү пландалган «өткөөл тилкесинин» алгачкы этабы болот. Кыймылдын экинчи баскычында өткөөл тилкесин Эвфрат калканына жеткире турган кыймыл башталат. «ЙПГны муунтуу операциясынын» алкагында террор уюму ЙПГнын көзөмөлүндө турган Африндин түштүгүндөгү Жиндериси менен Халебдин түндүгүндөгү араб калкы жыш жашаган Тел Рыфат району террордон тазаланып коопсуз аймакка айландырылат.

«Ватан» гезити «Түркия менен Ирандын ортосунда чалгындоо кызматташтыгы» аттуу маалыматында акыркы мезгилдерде дипломатия алакаларын арттырган Түркия жана Ирандын жикчил террор уюму ПККа каршы биргелешип күрөшө турганын маалымдаган. Террорго каршы чек ара коопсуздугу, чалгындоо бөлүшүүсү жана координация темаларында кызматашуулар болот. Алгачкы баскычта эки өлкөнүн ортосунда ПККнын физикалык байланышынын үзгүлтүккө учуратылышы жана маргинализация кылынышы максатталууда.

«Хабер түрк» гезити «Улуттук чыгарылыш «Алтай» танкасы сериалуу жасап чыгарылууга даярдалууда» аттуу маалыматында коргоо өнөр жайы кеңешчиси Исмаил Демирдин өлкө ичинде өнүктүрүлгөн согуштук танка «Алтайдын» сериалуу жасалып чыгарылышы үчүн өткөрүлө турганы белгиленген тендерде сунуштарды күтүп жаткандарын айтканын баяндаган. Демир, MÜSİAD тарабынан уюштурулган конференцияда «Алтай» танкасын сериалуу жасап чыгаруу тендери тууралуу суроого, «Учурда сунуштарды күтүүдөбүз»,-деп жооп берди. Коргоо боюнча мурдагы министр Фикри Ышык, июль айында сериалуу жасап чыгаруу үчүн тендер уюштура турганарын жарыялаган. Өлкө ичинде Отокардан тышкары FNSS фирмасынын цептүү унаа долбоорлоо жана жасап чыгаруу тажрыйбасы бар. BMC жана Катмержилер фирмалары дөңгөлөктүү броне унаа чыгарса, Tümosan фирмасынын да дөңгөлөктүү броне унаа чыгаруу боюнча долбоору бар.



Тектеш кабарлар