Өкмөт башчы Бинали Йылдырым Грецияга барат

Бул жумушчу сапар менен эки тараптуу жолугушуулардын кайрадан башталуусуна карата пландын белгилениши максатталууда.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым Грецияга барат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Грециянын премьер-министри Алексис Ципрастын расмий чакыруусу боюнча бүгүн иш-сапары менен Грецияга барат.

Борбор шаар Афинадагы жолугушууларынын алкагында Грециянын премьер-министри Ципрас жана президенти Прокопис Павлопулос менен жолугуша турган өкмөт башчы Йылдырым, түрк азчылыгы жашаган Батыш Фракия аймагына да барып ал жерде тектештер менен ооз ачуу тамагында жолугат.

Премьер-министрлик деңгээлинде Түркиядан Грецияга 2,5 жылдык мөөнөттөн кийин боло турган сапар убагында эки тараптуу карым-катнаташтар жана аймактык темалар менен катар Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары жана Кипр маселесинин да каралышы күтүлүүдө.

Премьер-министр Йылдырымдын Афинага жасай турган бир күндүк жумушчу сапары, Кипр конференциясынын ушул айдын акырында Швейцариянын Женева шаарында кайрадан чогула турган болушу, Түркиянын Жер Ортолук деңизде баштаган көп жактуу сейсмикалык изилдөө жана бургулоо стратегиясы, Рум тарабынан мунай зат жана жаратылыш газ издөө иштери тууралуу айрым эл аралык фирмалар менен түзгөн бир жактуу келишимдери сыяктуу жагдайлар эске алынганда абдан маанилүү мезгилде өтөт.

Грек медиасына караганда сапар, президент Режеп Таййип Эрдогандын Грециянын премьер-министри Ципрас менен 13-майда Кытайдын борбор шаары Пекинде болгон «Бир алкак-бир жол» форумунун алкагында өткөргөн жолугушуунун уландысы мүнөзүндө...

Бул жумушчу сапар менен эки тараптуу жолугушуулардын кайрадан башталуусуна карата пландын белгилениши максатталууда.



Тектеш кабарлар