Эрдогандын Казакстанга сапары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-38

Эрдогандын Казакстанга сапары

Эрдогандын Казакстанга сапары

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Казакстанга расмий сапар жасады. Биз да бул жумадагы программабызда ушул сапарды жана Казакстан-Түркия карым-катнаштарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.                             

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 8-сентябрда Ислам Кызматташтык Уюмунун Илим жана технология саммитинин биринчисине катышуу үчүн Казакстанга барды. Президент Эрдоган саммиттин алдында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Эки лидер сүйлөшүүлөрдө ФЕТӨ, ДЕАШ ж.б террордук уюмдарга каршы күрөшүү, экономикалык тармактарда кызматташуу жана инвестицияларды көбөйтүү сыяктуу темаларга токтолушту.

Түркия менен Казакстандын ортосундагы карым-катнаштар жогорку деңгээлде. Түркия Республикасы Казакстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкө. Түркия менен Казакстандын ортосундагы саясий алакалардын өнүгүүсүнө параллель түрдө Казакстан Түркиянын Евразиядагы эң маанилүү саясий жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болду. Эки өлкөнүн ортосундагы статус, Назарбаевдин 2009-жылдагы Түркияга сапары убагында кол коюлган «Стратегиялык өнөктөштүк» келишими менен белгиленди. Ушундайча эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар туугандык менен бирге «Стратегиялык деңгээлге» жогорулады. Казакстан-Түркия мамилелеринде өзгөчө акыркы мезгилде чоң кыймылдуулук байкалууда. Бул абалга жетүүдө Казакстандын өз тышкы саясатында дагы активдүү болушу жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөлүгү сыяктуу милдеттенген маанилүү кызматардын да ролу бар.

Башкы борбору Стамбулда жайгашкан Түрк кеңеши, башкы борбору Азейрбайжанда орун алган Түрк тилүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы, башкы борбору Казакстандагы Эл аралык Түрк академиясы жана башкы борбору Түркияда жайгашкан ТҮРКОЙ сыяктуу эл аралык уюмдар, маданий жана саясий тармактарда мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнаштарды мекемелик алкакта бекемдөөдө. Казакстан менен Түркиянын өз ара мамилелери, экономикалык жактары менен бирге бул уюмдардын иш-чараларын да камтууда.

Казакстан менен Түркиянын ортосунда күчтүү аскердик байланыш жана коргонуу технологиялары тармагында кызматтык бар. Түркия Казакстандын Куралдуу күчтөрүнө офицер даярдоо жагынан чоң жардам көрсөтүүдө. Түркиянын коргоо өнөр жайы тармагындагы алдыңкы компаниялар Казакстандын коргоо өнөр жайынын ишканаларын өнүктүрүү үчүн аракет кылышууда. Бир канча жыл мурда «Казакстан-Аселсан» ишканасынын ачылышы да аскердик тармакта ташталган маанилүү кадам болду.

Түркия менен Казакстандын ортосунда бир канча миллион доллар менен башталган соода көлөмү учурда 4 миллиард доллар деңгээлинде. Албетте бул жетиштүү эмес. Аны 10 миллиард долларга жеткирүү эки өлкөнүн орто мөөнөттүү максаты. Бул максаттын алдындагы эң чоң тоскоолдуктардын бири, Казакстан менен Түркиянын ортосунда логистикалык жактан түз байланыш жолунун жок болушу. Бул маселени чечүү үчүн пландалган альтернативдүү жол жана пикирлер ишке ашырылганда соода алакалары дагы да өнүгөт. Президент Режеп Тайип Эрдоган Казакстанга сапары убагындагы билдирүүлөрүндө кыска мөөнөттүн ичинде соода көлөмүнүн 5 миллиард долларга жеткирилишин максаттагандарын айтты. Ушул алкакта экономикалык жана саясий карым-катнаштарды дагы да бекемдөө үчүн «Биргелешкен программанын аткаруу планы», «Жаңы биргелешкен экономикалык программа», «2017-2020-жылдар үчүн кыймыл планынын протоколу», «Түркия-Казакстан Кошмо экономикалык комиссиянын онунчу мезгилдик жыйынынын протоколу» сыяктуу меморандумдарга кол коюлду. Ошондой эле түркиялык жана казакстандык компаниялардын ортосунда болжол менен 600 миллион доллар наркындагы келишимдерге кол коюлду. 8-сентябрда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө Казакстандын президенти Назарбаев транспорт секторунун маанисине жана өнүктүрүлүшү керектигине токтолуп: «Өлкөбүз учурда да чыгыш менен батыштын ортосундагы көпүрө милдетин улантууда. Түркиянын инфраструктурасы өнүккөн, өтө маанилүү транзиттик өлкө экени ар кимге маалым. Муну эске алып Түркия тарапты Казакстандын транспорт мүмкүнчүлүгүн чогуу өнүктүрүүгө чакырдым»,- деп айтты.

Түркия Чыгыштын эң батышында, Батыштын болсо эң чыгышында жайгашкан. Ушундан улам Азия менен Европага түз ачылган каалга өзгөчөлүгүнө эгедер. Казакстан болсо Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү жана Орусия менен Кытай сыяктуу эки күчтүү өлкө менен чек аралаш. Казакстан Түркияга түрдүү базар экономикаларына дагы оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн түзө алат. Ошондуктан Казакстан менен Түркиянын ортосунда транспорт коридорлорунун ачылуусу жана эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү да аймактык кызматташууга колдоо көрсөтүлүшү жагынан маанилүү.

Учурда Казакстан менен Түркия эки башка мамлекет бирок бир улут болуп саналат. Ошондуктан Эрдоган менен Назарбаев эки өлкө жана Түрк дүйнөсү жагынан чоң мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Эрдоган менен Назарбаев элдин ичинен чыккан жана элдин кыйынчылыктарына күбө болгон адамдар. Бул өзгөчөлүктөр эки лидердин тең Түрк дүйнөсүнүн муктаждыктарын жана күтүүлөрүн туура баамдоолорунда жана эффективдүү чечүүчү жолдорду табууларында таасирдүү болууда. Түркия менен Казакстандын ортосундагы достук өз күчүн орток тарых жана маданий байланыштардан алууда. Эки жактуу кызыкчылык жана урмат сыйдын негизинде Түркия-Казакстан карым-катнаштары алдыбыздагы мезгилде дагы да күчтөнөт.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар