Күчтүү Түркияга каршы көп багыттуу ыпылас оюндар жүргүзүлүп жатат

Президент Эрдоган, Президенттик комплексинде Област башчылары менен өткөргөн жыйналышында АКШ менен болгон виза чыңалуусуна токтолуп, Вашингтон бийлигине катуу билдирүүлөрдү айтты.

Күчтүү Түркияга каршы көп багыттуу ыпылас оюндар жүргүзүлүп жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, чоң жана күчтүү Түркиянын курулуусун токтотуш үчүн көп багыттуу, көп актердуу ыпылас пландар иштелип жатканын айтты.

Эрдоган: «Бул пландын ичинде секталык жана этникалык тариздеги көкүтүүлөр, террор уюмун колдоо бар. Бул кандуу оюндун ичинде фигурант катары ПКК, ФЕТӨ,ДХКП-Ж, ДЕАШ сыяктуу канкор четелер колдонулууда»,-деди.

Президент Эрдоган, Президенттик комплексинде Област башчылары менен өткөргөн жыйналышында АКШ менен болгон виза чыңалуусуна токтолуп, Вашингтон бийлигине катуу билдирүүлөрдү айтты.

«Бул (АКШнын түрк жарандарына визаны токтотуу) окуяны ортого чыгарган, бул жердеги АКШнын элчиси болуп саналат. АКШнын Түркия сыяктуу стратегиялык өнөктөшүн мурдун көтөргөн элчисине садага чабышы кабыл алынгыс»,деген Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна «Алардын жиберген (визаны токтотуу) текстин купуя өзүндөй кылып өздөрнө да жөнөт» деген буйрукту бергенин айтты.

Президент Эрдоган: «Эгерде чоң Американы Анкарадагы элчиси башкарып жатса, анда жаман болгон экен. Анткени бул жүрүм-турум, чындыгында ушуну көрсөтүүдө. «Сен менин стратегиялык өнөктөшүмө мындай мамиле кыла албайсын, мындай жүрүм-турумду көрсөтө албайсың» деши керек эле. Бирок муну дешкен жок»,-деп айтты.

Эрдоган: «Түркия виза кайрылууларын токтотуу чечими менен атуулдарына каршы ташталган укуксуз жана ченемсиз кадамдарга каршы өзүнө окшош негизге жараша мамиле көрсөттү. Маселени күчөткөн, бул абалга келтирген тарап биз эмеспиз. Биз уруу мамлекети эмеспиз, Түркия Республикасы мамлекетибиз. Муну ушундай кабыл аласыз. Биздин каалаганыбыз каршыдагылардын тез арада акыл-эстүүлүккө кайтуулары, достугубузду жана шериктештигибизди зыянга учурата турган кадамдардан баш тартуулары керек»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «АКШнын Стамбулдагы миссияларында жергиликтүү кызматкер катары иштеген, дипломатиялык кол тийбестиги болбогон, өлкөбүздүн атуулу абалындагы бир киши тууралуу укуктук процесс да мыйзамдарга, келишимдерге жана «Вена» конвенциясына ылайык түрдө жүргүзүлдү. Кармалып, камалды. 4-окбярдан тарта өзүнүн жакындары дагы адвокаты дагы сүйлөшүү талабын кылган жок. Айтылгандар жалган. Жалгыз кечээ гана өзүнүн сүйлөшүү талабы болгону прокуратурага жеткирилди»,-деди.

Эрдоган, Түркиянын түштүк чек арасын бойлой түзүлүүгө аракет кылынган террор тилкесинин максатынын «ДЕАШ менен күрөшүү» болгону жөнүндөгү айтымдардын чындыкка коошпогонун да белгилеп, «Террор тилкеси бир гана Түркияны курчоого багытталган. Эч ким бизди алдабасын»,-деп айтты.

Түркиянын АКШга курал сатып алуу боюнча кайрылуусуна оң жооп берилбегенине карабастан бул өлкөнүн террордук уюмдарга курал агызганына көңүл бурган президент, «Террор уюмуна 3-5 тыйын акча дагы албастан, куралды бекер берип жатасын. Эмнеге? «Түркияны түштүктөн курчайлы» деп. 3500 фура Түндүк Сирияга кирген абалда»,-деди.

Президент Эрдоган: «Сирияны дүйнөнүн эң чоң курал базарына айланткандар, канкор мыкаачыларды эң заманбап куралдар менен жабдыгандар, булардын бардыгын демократия сүйүүсү үчүн кылган жери жок. Булардын демократия менен эч тиешеси жок, кескин түрдө жок»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын полициялык уюмунун мындан ары чет өлкөдө чыгарылган «SIG Sauer» куралдарын колдонбой турганын жана Түркиянын өзүнүн куралдарын жасап чыгарганын маалымдады.



Тектеш кабарлар