Түрк аскерлери Идлибде

Түрк куралдуу күчтөрү кечээтен баштап Сириянын Идлиб шаарында байкоочу жерлерди куруу иштерин баштады.

Түрк аскерлери Идлибде

Президент Р. Т. Эрдоган түрк аскерлеринин Сириянын Идлиб шаарына киргендигин билдирди. Президенттик сарайда өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Идлиб бизге чектеш жер. Чара көрүшүбүз керек»,- деди.

Президент түрк куралуу күчтөрүнүн Идлибде Эркин Сирия Армиясы менен бирдикте кыймыл кыларын да белгилеп : «Бир түн күтүлбөгөн жерден кирип келебиз деген элек. Операция башталды. Ал жерде жашаган кишилерди кыйынчылыктан куткарууга аракет кылуудабыз, каалообуз батыраак бүтсүн»,- деди.

Түрк куралдуу күчтөрү кечээтен баштап Сириянын Идлиб шаарында байкоочу жерлерди куруу иштерин баштады. Башкы штаб тарабынан берилген маалыматта : «Астана процессинин негизинде  ок атышпоонун түзүлүшү, байкоо жана улантылышына мүмкүнчүлүк түзүү, гуманитардык жардамдардын жеткирилиши жана өлкөлөрүнөн кеткен кишилердин үйлөрүнө кайтышы үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү максатында Идлиб араздашуусун азайтуу аймагында кызмат кыла турган түрк куралдуу күчтөрү  2017 – жылы 8 -  октябрда аткарыла баштаган чалгындоо иштери менен координациялуу түрдө 2017 -  жылы 12 -  октябрдан баштап байкоо жерлерин куруу иштери башталды»,- деп айтылды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн аймактагы милдетин Астана процессинде кепил  өлкөлөр тарабынан макулдашылган эрежелердин алкагында уланткандыгы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар