ПКК/ПЙД-ЙПГ менен ДЕАШтын байланышы

Террордук уюмдар ПКК/ПЙД-ЙПГ менен ДЕАШтын ортосундагы байланыштын эң так мисалдары.

ПКК/ПЙД-ЙПГ менен ДЕАШтын байланышы

ПКК/ПЙД-ЙПГ менен ДЕАШтын байланышы

Террордук уюмдар ПКК/ПЙД-ЙПГ менен ДЕАШтын ортосунда болгон кагылышуулардын эртеси эки тараптуу кызыкчылыктар боюнча кызматташтык түзүлгөнү байкалды жана аты аталган байланышуунун айрым жагдайлары ачык түрдө маалымат булактарына чагылышты.

ПКК/ПЙД-ЙПГ менен ДЕАШ террордук уюмдардын ортосундагы алакага байланыштуу эң так мисал; ПКК/ПЙД-ЙПГнин Ракка шаарын басып алган учурда ДЕАШ менен түзгөн келишимге ылайык ДЕАШка мүчө террористтердин шаардан автобустар менен чыгарылып кеткенине байланыштуу көрүнүштөрдүн ортого чыгышы болду. ДЕАШ террор уюму тарабынан 2014-жылдын 15-январында басылып алынган жалган борбор шаар Ракка, АКШ менен Эл аралык коалициянын курал-жарак, кургактыктан жана абадан колдоо көрсөтүүсүнүн негизинде ПКК/ПЙД-ЙПГ тарабынан 2017-жылдын 17-октябрында колго алынды. Ракканын колго алынышы процессинде ПКК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШтын мүчөлөрү, АКШ менен Эл аралык коалициянын байкоосунда автобустар менен Раккадан коопсуз түрдө чыгарылып Маркада, Аль Сувар жана Дейр эз-Зор аймактарына өтүүлөрү камсыздалган. Аты аталган келишим жана өткөрүүлөргө байланыштуу маалыматтар BBCнин кабарчылары Квентин Соммервилль менен Риам Далат тарабынан көрсөтүлүп берилди. [1]

Раккада ПКК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШтын ортосунда түзүлгөн келишим АКШ менен Эл аралык коалициянын жооптуу кызматкерлери тарабынан да кабыл алынды. Пентагондун басма сөз катчыларынан Эрик Пахон келишимдин толугу менен жарандарды коргоо максатында экенин айтып: «Өнөктөштөрүбүз менен ар дайым толук макулдаша албашыбыз мүмкүн, бирок алардын өз маселелерине чечүүчү жол табуусуна урмат сый көрсөтөбүз»,-деген болчу. Муну менен бирге Эл аралык коалициянын катчысы полковник Райан Диллон да Твиттер баракчасынан келишимдин «жашыруун» эмес экенин айткан.[2]

2017-жылдын 15-ноябрында Түркияга багынган жана ошондо Англиянын «Таймс» гезитине маек куруп берген Сириянын демократиялык күчтөрүнүн (СДК) басма сөз катчысы Талал Сило, Сириянын демократиялык күчтөрү ошол эле келишимди Раккадан мурда Мүнбичте да түзгөнүн айткан. Сило, ПЙД/ЙПГ мүчөлөрүнүн  Менбичти таштап кеткен ДЕАШ мүчөлөрүнүн өздөрүнүн көзөмөлүндөгү жерлерден эркин кете алуусу үчүн 200 доллардан башталган саякат кагаздарын саткандарын сөз кылган. [3] Сириянын демократиялык күчтөрүн башкарган Шахин Жилонун АКШ менен макулдашканын жана Менбичтин куткарылуу жарыясынын дароо алдында 2 миң ДЕАШ мүчөсүнүн жарандык калкан менен шаардан чыгышына уруксат берилгенин айткан Сило, Сириянын демократиялык күчтөрү менен АКШ ДЕАШ мүчөлөрүнүн жан коопсуздугун камсыздап Жераблуска карай баруусуна уруксат берүүсүнүн, АКШ менен Сириянын демократиялык күчтөрүнүн ортосундагы биринчи келишим экенине көңүл бурган. Экинчи келишимдин Евфрат дарыясынын боюндагы Табка аймагында түзүлгөнүн айткан Талал Сило, Шахин Жилонун ПЙД/ЙПГ жана Сириянын демократиялык күчтөрүнүн атынан америкалыктар менен сүйлөшкөндөн кийин ДЕАШ мүчөлөрүнө коопсуз түрдө чыгып кетүү уруксатын бергенин билдирген. [4] Бул окуялардын негизинде ПЙД/ЙПГ менен ДЕАШтын ортосунда эки тараптуу кызыкчылык байланышы курулганын айтууга болот.

Талал Сило, Анадолу агенттигине берген маалыматында болсо ПККнын Дейр эз-Зор жана Хасекедеги мунай затты кантип иштеткенине байланыштуу суроого мындай деп жооп берген: «ЙПГ жана ПКК, 2012-жылы Румейландагы мунай кудугун басып алгандан кийин иштете баштады. Мурда бул мунай заттарды ДЕАШ аймактары аркылуу экспорттоп жатышкан. ПКК топторунун Жезиредеги акча иштери боюнча жооптуусу Али Шейр, Камышлыда жашайт. ПККнын корбашчылары менен түздөн-түз байланышы бар. Мунай зат келишимдерин түзүү боюнча ыйгарым укугу бар киши. Түшкөн киришелерди ал гана билет. Бул ПККнын жашыруун сыры болуп саналат. Али Шейр 2012-жылдан бери мунайды сыртка сатууда. Мурда сатуу бир гана ДЕАШ аймактары аркылуу камсыздалчу. Режим армиясынын офицери Аль-Катыржы, ПККдан мунай сатып алуу иштерин жалпы карайт. Ал эмес Шахин Жилонун да буга кийлигише албаганын айтышты. Мунай зат темасы уюмдун сыры эле. Сурап атып айрым маалыматтарга жеттим. Сатылган мунайдын акчасы, Ливан банктарынан өздөрүнө жакын айрым ысымдардын банк эсебине которулчу. Андан соң акча Европага өткөрүлчү. Ысымдарынын бардыгы ПКК мүчөсү. Тема абдан орчундуу. Күн сайын жүздөгөн танкерлер менен мунай зат ташылчу»,-деди. [5]

ПКК/ПЙДнин андан соң Дейр эз-Зор багытында басып алуу аракеттеринин башталышы менен ДЕАШ террордук уюм көптөгөн стратегиялык жерди ок атпастан ПКК/ПЙД-ЙПГге ташташы көңүлдөрдү бурууда.

ПКК/ПЙД-ЙПГнин Дейр эз-Зор шаарынын чыгышына карай кол салуусу убагында ДЕАШ менен кайрадан келишим түзгөн. Qasioun маалымат агенттиги тарабынан тексти да жарыяланган келишим ПКК/ПЙД-ЙПГ менен ДЕАШтын ортосунда ок атышпоо жарыяланганын ортого салды. Жарыяланган ок атышпоо менен бирге ПКК/ПЙД-ЙПГ; ДЕАШтын жерлерине карай кол салууларын токтотуп, ДЕАШтык мүчөлөр аймакты бошотуп Сириянын чыгышына бет алган күндүн эртеси Дейр эз-Зор шаарынын чыгыш бөлүгүн басып алган.

Сирияда ПКК/ПЙД-ЙПГнин басып алуусуна мүмкүнчүлүк бергенинен тышкары, ДЕАШ менен Түркияга карай душмандыгы аркылуу да көптөгөн соодалашуу болуп жатат. Учурда ПКК/ЙПГнин Ракка жана Дейр эз-Зордогу жалган абактарында жаткан көптөгөн ДЕАШ террористтери, Түркияга карай кол салуу шарттарынан кийин бул абактардан эркин кое берилүүдө. ДЕАШтын мүчөлөрү Түркияга карай активдүү кыймыл кылбаса да Идлиб жана Евфрат калканы операциясы жүргүзүлгөн аймакка ар кандай жолдор менен кирип, Түркияга карай коркунуч жаратууда. Муну менен бирге ПКК/ПЙД-ЙПГ террор уюму тарабынан аты аталган кишилер, эл аралык коомдук пикирде Түркияны ДЕАШ менен жакын көрсөтүү (жалгандан) аракеттерине карай каралоо пропагандасында колдонулууда.

Террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГ «Зайтун бутагы» операциясынын себебинен Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Эркин Сирия армиясына (ЭСА) каршы согушуу шарты менен Африн абактарындагы ДЕАШ мүчөлөрүн да бошото баштады. Муну менен бирге темага байланыштуу айтылган жаңы кабарларга караганда ПКК/ПЙД-ЙПГнин бара турган жери жок берки ДЕАШ мүчөлөрүн пайдалануу үчүн да бул кишилерге жаңы жашоо убада кылганы жана ушунун негизинде бир канча ДЕАШ мүчөсүн  Евфрат дарыясынын чыгышынан Афринге алып барганы көрүнүүдө. Өлкөсүнө кайта албаган бирок согушуу жана бомба жасоо жөндүмдүлүүгү жогору ДЕАШ террористтеринин ПКК/ПЙД-ЙПГ тарабынан пайдаланылганына жана ПКК/ПЙД-ЙПГнин, өзүнө иштей турган ДЕАШ мүчөлөрүнө ысымдарын террор тизмесинен чыгарууну убада кыланына күбө болгондор бар. [6] ПКК/ПЙД-ЙПГнин ДЕАШка мүчө террористтерди пайдаланууга карай таштаган кадамдар, аты аталган террор уюмдарынын ортосундагы бири-биринин мүчөлөрүн өткөрүп алуусун  чагылдыруу жагынан маанилүү. Бул абал айрыкча ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу менен АКШ жана европалык мамлекеттер менен катар көптөгөн өлкөдөн колдоо тапкан ПКК/ПЙД-ЙПГнин эки жүздүүлүгүн жана кызыкчылыктарынын негизинде коркунучтуу кызматташтыктарды түзүшү мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

ПКК/ПЙД-ЙПГ басып алган аймактарда этникалык тазалоо кылуу, аймактын демографиялык түзүлүшүн өзгөртүү максатында өзгөчө араб жана түркмөн элдерин көчүүгө мажбурлап жатат. ПКК/ПЙД-ЙПГ террордук уюм, өзүнүн жалган абактарында кармагысы келбеген ДЕАШ террордук уюмдун мүчөлөрүн да көчүүгө мажбурланган элдин арасына аралаштырып Түркияга жөнөтүүдө. Айрыкча террор уюму ДЕАШтын мүчөсү экени билинген топторду Түркия-Сирия чек арасындагы жашыруун өтмөлөр (туннелдер) аркылуу Түркияга жөнөтүүдө.

Экинчи тараптан Американын «Nation» журналынын 2017-жылдын 9-февралында басма сөзгө чагылган отчетунда ПЙД/ЙПГнин Сириянын түндүгүндө согуш кылмышын кылганы жана он миңдеген адамдын жерин тартып алганы белгиленген. ЙПГнин Сириянын түндүгүндө көзөмөлдөгөн аймактарда он миңдеген араб жана күрт жаранды сүргүнгө айдаганы жана согуш кылмышын кылганы баяндалган отчетто көңүлдү бурган нерсе болсо, ЙПГнин аймакта ДЕАШ менен кагылышпаганы, тескерисинче кагылышкан токторго бөгөт болгон кыймыл жүргүзгөнү тууралуу маалыматка орун бергени. [7] Ушундан улам аты аталган отчеттун ПЙД/ЙПГнин ДЕАШ менен түзгөн кызматташтыгын баса белгилөөгө аракет кылганын айтууга болот.

[1] http://www.bbc.co.uk/news/resources/idt-sh/raqqas_dirty_secret

[2] http://www.gazetevatan.com/deas-ve-pkk-arasindaki-kirli-anlasmayla-ilgili-flas-aciklama--1118524-dunya/

[3]http://www.turkiyegazetesi.com.tr/dunya/526742.aspx

[4]https://www.haberler.com/roportaj-sdg-nin-kacan-sozcusu-talal-silo-7-10310295-haberi/

[5] http://aa.com.tr/tr/dunya/sdgnin-kacan-sozcusu-silo-abdnin-pyd-pkkya-destegini-aaya-anlatti/988355

[6] http://aa.com.tr/tr/turkiye/pyd-pkk-afrin-e-firat-in-dogusundan-da-deas-li-getirdi-/1045590

[7] http://punompen.be.mfa.gov.tr/Content/assets/consulate/images/localCache/12/188dcb58-2854-4045-bb93-bad3a72c1118.pdf



Тектеш кабарлар