Президент Р. Т. Эрдогандын Ватикан сапары глобалдык тынчтык үчүн үмүт убада кылууда

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын 2018 – жыл 10 -  февралда DailySabah гезитинде жарыяланган макаласы.

Президент Р. Т. Эрдогандын Ватикан сапары глобалдык тынчтык үчүн үмүт убада кылууда

Президент Р. Т. Эрдогандын Папа Фрэнсис менен жолгушуусу улутчулдуктун, чыдамсыздыктын, сабатсыздыктын жана зордук – зомбулук барган сайын күч алган дүйнөдө тынчтык, коопсуздук жана достуктун орток күн тартип беренеси болгон бир ишти жарата турган маанилүү бир мүмкүнчүлүк катары кабыл алынышы керек.

Февраль айынын бешинде Ватиканга расмий сапар менен берген президент Р. Т. Эрдоган акыркы 59 жылдын ичинде католик дүйнөсүнүн лидери менен жолугушкан биринчи түрк президенти болду. БУУнун Башкы ассамблеясындагы Иерусалим  тууралуу добуш берүүдөн кийин ишке ашкан бул сапар Түркия менен Ыйык Папалык Макамынын ортосундагы карым  - катнаштарда жаңы бир бет ачты. Эки лидер дээрлик дүйнөнүн бардык чукул түрдө каралышын камтыган маселелер боюнча  сүйлөшүү өткөрдү.

Папа Фрэнсис 2014 -  жылы Түркияга сапар менен келген. Папа Фрэнсис президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын жаңы президенттик сарайында кабыл алган биринчи мамлекет башчысы болду.

Эки лидер Иерусалим, мусулман  - католик карым  - катнаштары, Сирия согушу, качкындар кризиси, терроризм, чет элдик душмандыгы жана исламофобия сыяктуу бир топ маселе тууралуу сүйлөшүштү. Түркия Сирия кризиси, күчөп бара жаткан улутчулдук жана чет элдик душмандыгы тууралуу үнүн чыгара баштаган негизги өлкөлөрдүн бирөөсү.

Папа Фрэнсис бул кызматка келгенден бери папалык кызматында айырмаланган лидерликти көрсөттү. Бул жылуу, диалог кура билген, пикири  ачык болуу. Папа Фрэнсис бир тараптан католик чиркөөсүнүн ички маселелерин чечүү менен алек болсо, бир тараптан коомдук адилеттүүлүктүн руханиятын да глобалдык өлчөмдө күн тартибине алып келди. Мисалы расизмге жана бөлүүчүлүккө каршы үнүн чыгарып, Мьянмада рохинжа мусулмандарынын трагедиясы тууралуу тынчсызданууларын да билдирди.

Ватикандын Иерусалим маселеси тууралуу так жана бекем турушу, мусулман дүйнөсүндө ыраазычылык менен кабыл алынды жана мусулмандар менен католиктерди жакындатты. Ватикандын бул мамилеси таң калтыруучу эмес, себеби Иерусалим ошол эле учурда христиандар үчүн да ыйык бир жер жана АКШ менен Израилдин чыгарган бир тараптуу чечим менен шаардын тарыхый, диний жана дипломатиялык статусунун өзгөртүлүшүн алар да кабыл ала алышпай жатат.

Мусулмандар жана көптөгөн христиан, өзгөчө да араб жана мусулман өлкөлөрдө жашагандар Палестина жерлеринин Израиль тарабынан басып алынышын, ыйык жерлердеги маселенин негизги себеби катары көрүшүүдө. АКШ өкмөтү чыгарган жаңылыш Иерусалим чечими маселенин бир гана бөлүгү. Дайыма кеңейип бара жаткан отурукташуу жерлери мусулман жана христиан палестиналыктардын зулумчулукка учурашы жана христиан палестиналыктарынын зулумчулукка учурашы менен  мүлксүздөштүрүлүшү, палестиналык качкындардын кайра кайтуу укугу маселеси, Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты түзүүгө карата бардык аракетти көрсөтүүдө.

Түркия Палестина маселесин дин, раса менен же жер менен эмес адилеттик менен байланыштуу маселе катары көрүүдө. Мусулмандар, христиандар жана  еврейлер үчүн тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулукту түзө турган бир гана чечүүчү жол глобалдык колдоого ээ болгон бирок алдыга жылуу үчүн бир таасирге муктаж болгон эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун толугу менен ишке ашышы.

Сирия жана качкындар кризиси Түркияны католик чиркөөсүн жана мусулман жана христиан дүйнөлөрүн кызыктырган бир маселе. Жетинчи жылына кирген Сирия  согушунун эң оор жүгүн Түркия тартып жатат. Качкындар кризиси Европа менен бирге бардык коңшу өлкөлөрдү да таасири астына алды. Башкалар сыяктуу Сириядан келген христиандар да согуштун, Сирия режиминин жана Түндүк Сириядагы арами - суряни христандардын балдарын Түркияга каршы өз жагында күрөшүүсү үчүн качырган ПЙД/ЙПГ террористтеринин зулумчулугуна дуушар болушкан.

Папа Фрэнсистин кенен жана өзүнөн эместерге  карата берген маалыматтары күч алган ашыкча оңчул кыймылдар менен расистик кыймылдар күч алган мезгилде дагы да мааниге ээ болду. Кандайдыр бир диний же  этникалык группага карата бөлүүчүлүк ошол эле учурда башкаларынын да коопсуздугун коркунучка салат себеби расизмдин чамбары дагы бир жолу айлана баштап аны токтотуунун бир жолу бардык топтор үчүн олуттуу жыйынтыктары боло тургандыктан табыла албайт. Батышта жашаган тынчтыкчыл мусулман коомдорго карата азыркы күндө жасалып жаткан саясий жана физикалык кол салуулардын нормалдуу бир абал сыяктуу сунушталышы мусулмандар үчүн болгондой эле мусулман болбогондор үчүн да тынчсыздандыруучу болушу керек. Себеби Европадагы анти  - семитизм да ушундайча текшерүүдөн чыгып, нацизм жана Холокост кылмыштарына жол ача турган заманбап күндө уялтуучу бир мезгилге айланды. Папа расизмдин жана исламофобиянын жаңы форумдарын четке кагуу үчүн керек болгон моралдык жана саясий жоопкерчиликке ээ экендигин көрсөттү. Бул абал бардык мусулмандар тарабынан ыраазыкчылык менен кабыл алынган. Ушундай эле мусулман саясий жана диний лидерлер да мусулман өлкөлөрдө жашаган христиан коомдорду кандайдыр бир кол салууга карата коргоо,   аларга таандык болгон достук сезимин берүү менен милдеттүү. Ушул мааниде өкмөт Түркиядагы христиан жана еврей жамааттардын диний укуктары менен мүлктөрүн коргоо үчүн бир топ чараны көрүп, Түркиянын өзүнүн кичинекей бирок жандуу жана тынчтык ичинде жашаган христиан жамааты үчүн муну аткарууну максат кылууда.

 Чындык мусулмандар, христиандар, еврейлер жана башка диндерден турган элдер менен динсиздер, расизм, чет элдик душмандыгы жана бөлүнүүчүлүктүн бардык түрүнө каршы биримдикти түзүүгө мажбур. Президент Эрдогандын Папа Фрэнсис менен жолугушуусу расизмдин, чыдамсыздыктын, сабатсыздыктын жана зордук  - зомбулук барган сайын күч алган дүйнөдө тынчтык, коопсуздук жана достуктун орток күн тартип беренеси болгон бир ишти жарата турган маанилүү бир мүмкүнчүлүк катары кабыл алынышы керек.



Тектеш кабарлар