Африн террористтерден тазаланып жатат

Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясы, Афринде дагы 8 айылды террористтерден тазалашты.

Африн террористтерден тазаланып жатат

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында улантылып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 3444кө жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында террордук уюмдар ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда башталган «Зайтун бутагы» операциясы уланып жатат.

Билдирүүдө операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 3444кө жеткени маалымдалды.

Бул учурда Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясы, Афринде дагы 12 айылды террористтерден тазалашты.

Операция башталгандан бери 189у айыл, 37си стратегиялык жер болуп жалпы 226 аймак көзөмөлгө алынды.



Тектеш кабарлар