Түрк куралдуу күчтөрүнүн Авашин - Басян аймактарында жүргүзгөн операциясы

Аскердик учактар аймакта террористтер тарабынан курал буктурмасы, баш калкалоочу жер катары колдонулган буталарды таамай атуу менен жардырды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Авашин  - Басян аймактарында жүргүзгөн операциясы

Түрк куралдуу күчтөрү тарбынан Ирактын түндүгүндөгү Авашин  -  Басян, Зап жана Хакрук аймактарына жасалган аба операциясында ПКК жикчил террордук уюм тарабынан курал буктурмасы, баш калкалоочу жер катары колдонулган буталар жардырылды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Ирактын түндүгүндөгү Авашин  - Басян, Зап жана Хакрук аймагына кечээ аба операциясы жүргүзүлдү.

Аскердик учактар аймакта террористтер тарабынан курал буктурмасы, баш калкалоочу жер катары колдонулган буталарды таамай атуу менен жардырды.



Тектеш кабарлар