АКШнын чечими Израилдин Голан дөбөлөрүн аннекциялоосун мыйзамдаштыра албайт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, социалдык медиа барагынан бөлүшүүсүндө АКШга каршылык көрсөттү.

АКШнын чечими Израилдин Голан дөбөлөрүн аннекциялоосун мыйзамдаштыра албайт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын президенти Дональд Трамптын Сирияга таандык Голан дөбөлөрүн Израилдин жери деп кабыл алган жарлыкка кол коюусуна каршылык көрсөттү.

Чавушоглу, бул чечимдин Израилдин Голан дөбөлөрүн аннекциялоосун мыйзамдаштыра албай турганын билдирди.

Социалдык медиа барагынан бөлүшүүсүндө Чавушоглу: «АКШ дагы бир жолу эл аралык укукту тебеледи. Бирок бул чечим, Израилдин (Голан дөбөлөрүн) аннекциялоосун эч качан мыйзамдаштырбайт. Тескерисинче Жакынкы Чыгыштагы тынчтык аракеттерине бөгөт болбот, аймакта чыңалууну дагы да күчөтөт»,-деп эскертти.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын болсо, АКШнын Голан дөбөлөрү тууралуу чечиминин тынчтыкка каршы кагылышуучу аң-сезимдин чыгарылышы болгонун билдирди.

Ибрахим Калын; «Ким тарабынан колдоого алынса дагы басып алуу жана согуш саясаттары мыйзамдуу эмес жана адамзаттыкка жатпайт»,-деп айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик да «Трамптын кол тамгасы мыйзамга жатпайт»,деп каршылык көрсөттү.

Челик: «Голан дөбөлөрү, Израилдин жери эмес, Сириянын жери, сириялыктардын жери»,-деп жарыялады.

Дональд Трамп «Израилдин Голан дөбөлөрүнүн үстүндө эгемендигин АКШнын расмий түрдө тааныганын» жарыялаган президенттик жарлыгына кол койду.

Борбор калаа Вашингтондогу кол коюу аземине Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху да катышты.

Трамп, азем убагында, «Изарилдин Голандагы өкүмдарлыгын тааныдым» деген сөздөрдү айтты.

Буга кошумча, кол тамга коюлган убактарда Израилдин реактивдери Газаны бомбалай баштады.

Шаарда жарылуунун үндөрү угулуп жатты.



Тектеш кабарлар