1600 жылдык мозаика табылды

Археологдор тарабынан мозаиканын 1600 жылдык экени белгиленди

1600 жылдык мозаика табылды

Адыямандын Гөлбашы районунда биздин замандын 4-кылымынан калган мозаика табылды.

Гөлбашы районуна караштуу Чакмак кыштагында, эгин талаасында иштеп жаткан Кемал менен Мехмет бир туугандар, Рим мезгилине таандык мозаика табышты.

Бир туугандар абалды жандармерияга билдиргени боюнча изилдөөчү топ талаага келип иликтөөлөрдү жүргүзүштү.

Иликтөөдөн кийин мозаика Адыямандагы Музей директорлугуна тапшырылды.

Музей директорлугана караштуу археологдор тарабынан мозаиканын 1600 жылдык экени белгиленди.



Тектеш кабарлар