Түркия жана Евразия карым-катнаштары-18

Эл аралык укук жана 1915-жылдагы окуялар

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-18

Эл аралык укук жана 1915-жылдагы окуялар

Дээрлик жыл сайын апрель айында Биринчи дүйнөлүк согуш убагында Осмон Империясынын ичинде болгон окуяларга байланыштуу дүйнө жүзүндө ар түрдүү кеп-сөздөр жазылып жана айтылып келет. Биз да бул жумадагы программабызда 1915-жылдагы окуяларды эл аралык укук жагынан талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун угуп жатасыздар.

Жыл сайын апрель айынын акыркы жумасында бирдей эле сахнага күбө болобуз. Биринчи Дүйнөлүк согуш убагында Осмон Империясынын ичинде болгон окуяларга байланыштуу дүйнө жүзүнөн ар кайсы мамлекет, уюмдар, кишилер тарабынан билдирүүлөр айтылып келет. Армян же армян дооматтарын жактаган адамдардын көпчүлүгү тарыхый дисциплинага мүчө жана окуяларды геноцид деп мүнөздөшүүдө. Ал эми түрк тезистерин жактагандардын көпчүлүгү болсо бул темага тарыхый көз караш менен кароодо жана «Жер которуу-көчүрүү» мыйзамын ишке ашыруунун геноцид эмес экенин жакташууда.

Көптөгөн жылдар мурда болгон окуялардын түшүнүлүүсү үчүн тарыхый көз караш маанилүү. Бирок геноцид түшүнүгү эл аралык укук тармагында орун алууда. Ошондуктан тарыхый дисциплинанын ичинен келген адамдардын же саясатчылардын бул маселеге байланыштуу пикирлерин айтуулары теманы аныктоодо айрым кемчиликтердин жаралышына себепчи болууда. Маселеге байланыштуу маалымат бергендер өз көз караштарына жараша ар кандай сандагы өлүм менен аяктаган окуяларды геноцид деп мүнөздөп жатышат. Ал эми геноцид, эл аралык кылмыш катары укук тарабынан гана аныкталса болот. Геноцид темасында алгачкы маанилүү түзөтүү, БУУнун 260 номердүү токтомунун негизинде 1948-жылы «Геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазаландырылышы» келишиминин (Геноцид келишими) кабыл алынышы менен ортого салынды.

Армяндар Осмон Империясынын жерлеринде алгач автоном андан соң көз карандысыз мамлекет куруу үчүн саясий жана куралдуу кыймылдарды жүргүзүштү. Ошондуктан алар саясий топ мүнөзүндө эле. Ушул себептен тийиштүү келишимдин экинчи беренеси тарабынан корголгон төрт топко кирбейт. Ал убактын Осмон өкмөтүндө келишимдин экинчи беренесиндеги жок кылуу максатынын болгонуна байланыштуу айтымдар жок. Жок кылуу ниетин далилдей турган жазуу түрүндөгү жана айтылган документтердин болбогону сыяктуу бардык документтер армяндардын корголушун жана оңой эле көчүрүлүүсүн көздөйт. Каза болгон армяндардын саны, геноцид болгонун далилдөөдөн абдан алыс. Армян өлүмдөрүнүн маанилүү бир бөлүгүнүн «Жер которуу жана көчүрүү» мыйзамынын ишке ашырылышынан тышкаркы себептерден келип чыкканы белгилүү. Ошол эле себептер менен аймакта болгон түрк жарандарынын өлүмдөрү кыйла эле көп. Бул жагынан алганда «Жер которуу жана көчүрүү» мыйзамы; Келишимдин 2/с беренеси түшүнүгүндө жашыруун же кыйыр геноцид эмес.

 Бул шарттарда «Жер которуу жана көчүрүү» мыйзамы (жана ишке ашыруусу) Келишимге караганда геноцид эмес. «Жер которуу жана көчүрүү» мыйзамы (аркасындагы аскердик муктаждыктар да эске алынганда) укуктук жактан «адамзатка каршы кылмыш» категориясына кирбейт. Анткени «Жер которуу жана көчүрүү» мыйзамынын ишке ашырулуу убагында Рим статусунун жетинчи беренесинде орун алган шарттар орундалган жок. Мындайча айтканда армян калкына каршы мамлекеттин планынын алкагында «кеңири жана систематикалык кол салуунун бир бөлүгү катары» адамзатка каршы кылмышты түзгөн абалдардын көбүнүн чогуу кылынганы аныкталган жок. «Жер которуу жана көчүрүү» мыйзамында күч колдонулуп армяндардын жеринен ажыратылышы максатталган жок. Армяндарга карата диний же башка бир себеп менен кыргын салуу болгон жок. «Жер которуу жана көчүрүү» аскердик коопсуздук себеби менен жасалды. Мындан сырткары армяндардын баскынчы орус армиялары менен биригип алып (Балкан согуштарындагы сыяктуу) түрк мусулмандарына каршы геноцид деңгээлиндеги этникалык тазалоону кылууларынын алдын алууну максаттады.

Согуш чөйрөсүндө аймакта пайда болгон бийлик боштугунан аймактагы айрым бандалардын пайдаланганын билебиз. Аймактагы бандалар өздөрүнүн жеке максаттары менен көч абалындагы армяндарга кол салышып, өлтүрүп жана мал-мүлкүн тоношту. Үч фронтто согушуп жаткан Осмон империясынын колундагы чектелген жандармерия күчтөрү менен кээде армяндардын бардыгын таасирдүү түрдө коргой алган жок. Окшош климат, аймак, жокчулук, дары-дармектин жоктугу жана оору шарттарынын себебинен көчүүгө аргасыз болгон жаран түрктөрдүн өлүмдөрүнүн армяндардан дагы көп болушу да, «Жер которуу жана көчүрүү» мыйзамдарында кыйыр түрдө жок кылууну максаттабаганын көрсөтүп турат. Айрыкча мамлекет багытында, кааланбаган окуяларга карата өкүнүү жана кол салгандарга каршы ызаланууну туудурганы да белгилүү. Ошондуктан жеке кылмыш категориясына кирген тоноо жана өлтүрүү кылмышкерлери согуш бүтө электе соттолду жана көпчүлүгү өлүм жазасына тартылды.

Бул тема бүгүнкү күндө тарыхый жана укуктук окуя болбой эле саясий маселеге айландырылды. Учурда эл аралык саясатта Түркиянын күчтөнүшүнөн тынчсызданган, Түркияны атаандаш катары кабыл алган жана Түркиянын жүргүзгөн тышкы саясаттын өзүнө коркунуч катары караган мамлекеттер/ уюмдар бул маселени Түркияга каршы бир көзүр карта сыяктуу колдорунда кармагысы келип жатат. Бул теманын жыл сайын күн тартипке чыгарылышынын аркасында жаткан негизги себеп да ушул.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун угуп жатасыздар.

 



Тектеш кабарлар