Кутубузга кат келди-7

"Кутубузга кат келди" кат келди аттуу уктуруубуздун кезектеги бөлүмү.

Кутубузга кат келди-7

Кутубузга кат келди-7

       Урматтуу окурмандар, мурдагы программаларыбызда белгиленибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Анда , бүгүнкү программабызды баштасак, Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга  КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордун арасынан Достук радиосунун  кызматкери Нуркыз Исакова экинчи ирээт келгенде чемодан толо китептерин ала келип ТРТнын конок үйүндө көп китептерди окуп, иш эргүүсүн китептерди изилдөө менен өткөргөн эле. Бүгүн Нуркыз айымдын аңгемесине орун беребиз.

 

                                                 Аралым алтын-бешигим.

                                ”Ааламага кеткен жол айылдан башталат”(Ч.Т.Айтматов.)

“Мен төрөлгөн айылдын аты Арал.Арал бул тегереги тоолор менен курчалган  ортосун сол өзөн Талас суусу чамынып жарып өткөн,тоо десең тоого ,түз десең түзгө,токой десең токойго бай ,бир ажайып чөлкөм. Кыштактын Кыдыраалынын коосу деген жеринен Чоң –Бозого чейинки ортодо созулуп жаткан  аралыкты  жергиликтүү калк Манастын желеси деп аташат.Карыялардын айтымына караганда  бир кездерде бул чөлкөмгө Манас баатырдын кошууну өргүп ,катар-катар бозүйлөр  көз жоосун алып, кыркалекей кулун байлаган желелер жайгашкан,ошол көрүнүшү боюнча элдин эсинде Манастын желеси деп аталып калган экен.Ошол керчөөдөй семиз талаанын үстүндө  Каныкей булак деген башат бар.Эл ошондон куур түтүк аркылуу  агып келген суудан ичишет. Ушул башат жөнүндө улама кеп сакталып калган.Ошону эшитип калган залкар акын Сүйүнбай Эралиев атабыз төмөнкүдөй ыр саптарын жазып калтырган:

Анан да Манас катуу жараланып,

Кайтканда кайра бери Бээжин жактан,

Каныкей суук жаман кабар алып,

Жол тосуп бир өрүшкө келип жаткан.

Таластын берки чети ,түп тарабы,

Жер болот Талды-Булак Арал деген,

Ал кезде токой экен түнт дарагы,

Ичинде бугу ойногон марал менен.

Керилген жашыл сазды Аралдагы,

Каныкей кубанган дейт көрүп алып,

Ээрчиген көчү колу сарамжалы.

Калган дейт анда токтоп өрүү алып.

Баатырды тосуп алып жерден ушу,

Айтышат баккан дешип кыйын дарттан .

Аралда азыр да бар ал конушу,

Анан да желе боосу анда тарткан.

Каныкей күн уктабай,түн уктабай,

Баатырды такай туруп баккан экен.

Аш келсе кээде калып бир ууртабай,

Саргайып күндөрү жай аккан экен.

Ошентип айкөлүнөн ажыраарын билген Каныкей өзүнчө ээндеп барып буркурап ыйлайт,ошол жаш тамган жерден булкунуп булак атып чыгыптыр.Ал азыр да “Каныкей- Булак “ же “Каныкейдин жашы” деп аталат.Дагы бир кызыктуусу Арал айлында  Кыргызстандын тарыхый ,археологиялык  жана   архитектуралык  эстеликтеринин  катарына кирген  – Зулпукор күмбөзү жайгашкан. Кыргыз Улуттук  Илимдер Академиясынын тарых институтунун кызматкерлери тарабынан 1988-жылы изилдөөлөр жүргүзүлүп  ,алардын жыйынтыгы боюнча, Зулпукор күмбөзүндөгү фасаддын жасалгасы, кырдуу чатыр менен барабандын болушу Хорезмдеги  Хасан-и Саурани күмбөзү эстеликтерге жакындашат.Зулпукор күмбөзү эл ичинде ыйык жер, кылым карыткан мазар катары эсептелет, бул жакка Борбордук Азиядан зыяратчылардын аягы  үзүлбөй каттап турушат.

Ооба,Арал ар бирибиздин кут түшкөн журтубуз,ата- бабабыз  тирилигин өткөргөн аймак. Арал –бул билгирлиги менен атагы таш жарган Чыныке бийдин,бүргө баатырдын, Нияз Жанузак сыяктуу журт коргогон эрендердин ,Үмөт молдо,Бөкөлөй молдо, Дүйшөмбү, Кулназар сыяктуу санжырачылардын ,Сүйүнбай ажы, Шабек ажы, Нүсүп молдо сыяктуу чоң молдолордун,Түлөберди ,Курманаалы сыяктуу манасчылардын, Чынаалы Ыбрайым сыяктуу чечендердин  укум тукуму жашап жаткан жер.Арал чөлкөмү бүгүнкү күндө да уучу куру эмес.Өзүнүнү мыкты уул кыздары менен сыймыктана алат.Алар:ачкан илими боюнча даңазаланып ,эл аралык бир нече университеттиердин  ардактуу профессору, техника илимдеринин доктору Жаныбек Шаршеналиев,медицина илиминин доктору Мария Нанаева,кыргыз тил илими жаатындагы ондогон китептердин автору Касымбек Сейдакматов,коомдук ишмер Кемелбек Нанаев,сынчы Сарман Асанбеков,акын Зарлык Сулайманов ,жазуучу Жакып Медетов,акын Медетбек Сейталиев,белгилүү врачтар Асанбеков Изатбек,Каракойчу Токтогулов,мукам үндүү Эсен Нурманбетова,эстрада ырчысы Алина Жетигенова СССРдин эл депутаты Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаков ,белгилүү ишкер ,акын,политолог Темирлан Сарлыкбек уулу  жана башкалар чыгышкан.

Ооба Арал айылынын  башка чөлкөмдөрдөн айрымаланган  өзгөчөлүгү менен жалпылыгы ушул.Биздин бешигибиз болгон Арал кыштагы Талас шаарынан 45 чакырым,Тараз шаарынан 145 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан.Айылда эки мектеп бар.Айылга азыр жаз келип калды.Алгачкы байчечекейлер көз жарып айлана жаз наз жыттанат”.

Журналист  Исакова Нуркыз Бектуровна.

Нуркыз Исакова айымга ийгилик каалайбыз. КТРКнын Достук радиосунда чыгармачылыгын өркүндөтүп, угармандарга каада салтка ылайык жакшы уктурууларды тартуулай беришине тилектешпиз.



Тектеш кабарлар